Биз менен байланышыңыз

Изилдөө: Биздин ааламдын «эгизи» бар

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2019 | 1039 | 0

Биздин Аалам өзүнө окшогон параллель ааламдын күзгүдөн чагылуусу сыяктуу эгизи болушу мүмкүн. Болгону Каршы аалам антимаретиядан туруп, убакыт Чоң жарылуудан пайда болгон багытка каршы, тескери жүрөт. Мындай тыянакты Канаданын Теоретикалык физика институтунун окмуштуулары жарыялашып, теория америкалык илимий журналга чыкты.

Окмуштуулардын бул билдирүүсү фантастикалык чыгармага окшогону менен заманбап илимде жообу табылбаган бир катар парадокстарга жооп берди.

Алардын айтымында 14 млрд жыл мурунку Чоң жарылууда эки симметриялуу аалам пайда болгон. Алардын бири мейкиндик, убакыт, масса\энергия камтылган биздин аалам болсо, экинчиси ага каршы артка карай жүргөн аалам.

Эйнштейндин теориясына таянган космология илими дагы бардык нерсе карама-каршысы же тең окшошу болуусу керек экенине карабай, мындай теңдиктин ааламда жоктугунун себебин далилдей албай келген.

Канадалык окмуштуулардын жаңы теориясы мындай туңгуюк маселелердин бетин ачкандай болду. Алардын арасында философтордун башын оорутуп келген «эрк же эки жолдун бирин тандоо күчү» маселеси да бар болчу.

Илимпоздор бул теориянын бекемделбеген көп жагдайлары бар экенин эске салып, дагы терең изилдөөгө аларын кошумчалашты.

Copyright © 2017 Maral FM