Биз менен байланышыңыз

Байбосунов: Камсыздандыруу полисинин 3 түрү бар

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Янв 2019 | 717 | 0

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов “Марал” радиосуна берген маегинде билдиргендей, камсыздандыруу полисинин 3 түрү болот. Биринчиси, айдоочу жылгыз өзүнө камсыздандыруу полисин сатып алса болот. Анын баасы 2 миң сомдун тегерегинде. Мындан сырткары, бир полиске 4 айдоочунун аты-жөнүн киргизип, алардын баарынын жоопкерчилигин камсыздаса да болот. Мындай полистин баасы жеңил унаалар үчүн 2300 сомдон турат.

Полистин үчүнчү түрүндө камсыздандырылган унааны башкарган айдоочулардын жоопкерчилиги камсыздандырылат. Айдоочу алмашса да алардын жоопкерчилиги камсыздандырылган болуп саналат.

Маалым болгондой, камсыздандыруу полисинин баасы айдоочунун тажрыйбасына, унаанын көлөмүнө жараша белгиленет. Анын негизинде орточо баа 2 миң сомдун тегерегин түзүүдө. Тагыраагы, полистин баасы унаанын чыккан жылынан, анын үлгүсүнөн көз каранды эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM