Биз менен байланышыңыз

Эс тутумду кантип жакшыртабыз? Сизге 8 кеңеш

Блог | 7 Янв 2019 | 8012 | 0

«Бир нерсени унутуп жатам? Эмнени унуттум?». Сиз бул сөздү көп учурда, жок дегенде, өз оюңузда айтсаңыз керек. Чындыгында, бул «бир нерсе» маанилүү болушу мүмкүн. Көпчүлүк адамдар эртеби-кечпи эс тутумдун начарлашы көйгөйүнө кабылат. Же болбосо аны кантип жакшыртууну ойлонушат. Зарыл нерсени бат жана сапаттуу эстеп калуу үчүн эмге кылуу керек?

Бардык адамдар курчап турган айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуяларды, адамдар болобу, алардын атын, келбетин эстеп калуу жөндөмү менен төрөлгөн.

Эс тутум — уникалдуу жөндөм. Ал биз үчүн маанилүү болгон окуя, көрүнүш, буюмдарды унутпоого жардам берет. Кандай чөйрөдө эмгектенбесин, ал бардык адамга тийиштүү.

Начар эс тутумга ээ болгондор да, аны өнүктүргүсү келгендер да аз эмес. Ошондуктан биздин кеңештер сизге жардам берет деген ишеничтебиз.

Эстеп калуу процессин өнүктүрүңүз

Бир нерсени эстеп калуу үчүн өзүңүздүн жашооңуз менен параллель келтириңиз, башкача айтканда, эстеп кала турчу нерсеге канчалык көп ассоциация жүргүзсөңүз, эске сактоо мүмкүнчүлүгү ошончолук натыйжалуу болот. Мисалы, адамдын атын жаттоо керек болсо, ошол атты алып жүргөн белгилүү инсан менен ассоциация кылып эстеп калсаңыз болот.

Өз алдынча эстөөгө үйрөнүңүз

Иш боюнча жолуга турган адамдын телефон номерин, атын унутуп калган учурлар болот. Мындай учурда керектүү маалыматты алуу үчүн блокнотту ачууга шашылбаңыз. Бардыгын өз алдынча эстеңиз. Бул маалымат «баш мээнин бир текчесинде» турат, аны табуу гана керек.

Алынган маалыматты кайталап туруңуз

Маанилүү делген маалыматты эстеп калам десеңиз, аны кайталап туруңуз, же болбосо башка адамга айтып бериңиз. Мындай учурда эске сактоо процесси жакшы боло баштайт.

Арифметика менен алектениңиз

Узун кезектерде турганда эмне кылууну билбей жатсаңыз, акылыңызда жөнөкөй арифметикалык эсептерди ччыгарыңыз. Мисалы, алдыда турган отургучтардын санын текчедеги буюмдардын санына көбөйтүңүз, же өтүп бара жаткан унаалардын номурларын кошуп суммасын чыгарыңыз.

Көп китеп окуңуз

Бош убакытта кызыктуу жана пайдалуу китеп окуганга эмне жетсин. Китеп окууда деталдарды эстеп калуу үчүн баш мээ чыңалган абалда болот. Мындан тышкары, сиздин фантазияңыз ойгонот жана эмнени окуп жатканыңызды визуалдаштыра баштайсыз.

Ыр жана тексттен үзүндү жаттаңыз

Мектепте бизге бекеринен ыр жаттоого тапшырма берилген эместир. Рифмалык ырларды жана кара сөз түрүндөгү тексттерли жаттоо эс тутумду өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондуктан ыр жаттоого аракеттениңиз. Сөзсүз түрдө өзүңүзгө жаккан ыр болушу зарыл.

Кайталоого көнүңүз

Өтүлгөн материалды кайталап туруу жакшы жыйынтыкка алып келет. Алынган маалыматты күнүгө, мисалы, 5 күн катары менен кайталаңыз. Жыйынтыгында, бул маалымат мээде сакталып калат да, керек учурда аны эстеп пайдала аласыз.

Жалкоолонбоңуз

Эгерде сиз жалкоо болсоңуз, эч качан жакшы жыйынтыкка келе албайсыз. Жалкоолук – бул акыл-эстин коңур даты. Аны эс тутумуңузга ээ болуп алуусуна жол бербеңиз.

Эске тутуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрөм десеңиз, жогоруда айтылган кеңештерди пайдаланыңыз жана бул процессти тездетүү үчүн балык, жаңгак (бардык түрүн), апельсин, ашкабак данегин, жумуртка сыяктуу азыктарды өз рационуңузда пайдаланыңыз.

Copyright © 2017 Maral FM