Биз менен байланышыңыз

Кытайдын калкы 70 жылдан бери биринчи жолу азайды

Кыска кабар | 6 Янв 2019 | 867 | 0

2018-жылы Кытайдын калкы 1,27 млн кишиге азайды. Бул туурасында Agence France-Presse кабарлаган.

Илимпоздор Кытайда балдардын төрөлүүсү 2017-жылга салыштырмалуу 2,5 млнго аз болгонун эсептеп чыгышкан. Маалымакта ылайык, калктын мындай азаюусу 70 жылдан бери биринчи жолу катталып жатат. Илимпоздор мындай тенденция уланышы мүмкүндүгүн айтышат.

Кытай калкынын саны тууралуу расмий маалыматтарды январдын соңунда жарыялоо пландаштырылган. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча 2017-жылы Кытайдын калкы 1,39 млрд кишини түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM