Биз менен байланышыңыз

Жээнбековду бир катар президенттер жаңы жылы менен куттукташты

Кыска кабар | 31 Дек 2018 | 536 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековду Орусиянын президенти Владимир Путин жана өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Куттуктоо жолдогондордун катарында Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев, түркмөнбашы Гурбангулы Бердымухаммедов, Польшанын презизденти Анджей Дуда, Кувейттин Эмири  Сабах аль-Ахмад аль-Джабир аль-Сабах да бар.

Ошондой эле Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер да куттуктоосун жолдогон.

Жөнөтүлгөн телеграммаларда 2019-жылы өлкөгө ар тараптуу өнүгүү жана президенттин өзүнө ден соолук каалашкан.

Copyright © 2017 Maral FM