Биз менен байланышыңыз

«2018 саясатташкан жыл болду»

Саясат | 31 Дек 2018 | 1122 | 0

2018-жылы Кыргызстандын саясий турмушу коррупцияга каршы күрөшүү урааны алдында өттү. Бир катар чиновниктер, депутаттар, анын ичиндеги мурунку премьер-министрлер камакка алынып, мунун арты нааразылык акциялары менен коштолуп турду. 

2018-жыл Кыргызстанда «аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыяланган. Серепчилер өтүп бараткан жылды өлкөнүн акыркы бир нече жыл ичиндеги салыштырмалуу саясатташкан учур болду деп эсептешет.

Жыл бир катар коррупция менен күрөшүүнүн алкагында мамлекеттик кызматкерлердин камалышы, мурунку бийлик менен учурдагы президенттин тиреши, эл аралык маданий иш-чаралар менен коштолду. Бул жыл саясат талдоочулардын, коомдук ишмерлердин эсинде эмнеси менен эсте калганына кызыгып көрдүк.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев узап бара жаткан жыл саясий чыңалуунун жылы болду деп баалады.

-Анткени мурунку бийлик менен азыркы президенттин карама-каршылыгы активдешип, аларды сындаган көп окуялар болду. Ошону менен бирге жаңы бийлик өз алдынча иш алып бара баштады. Жемкорлор менен күрөшүүнүн жыйынтыктары көрүлүүдө. Күч органдары коррупция менен күрөшүүдө кылмышкерлерди кармоодо натыйжалуу иштешти. Жыл оор болгону менен акыркы айларда экономикабыз көтөрүлө баштады.

Ал эми саясатчы Ишенбай Кадырбеков баамында быйыл Кыргызстанда бир дагы долбоор ишке ашкан жок. Анан дагы коррупцияга каршы күрөш бирин-серин жүрүп, түп-тамыры менен азайбай жатканын сынга алды.

-Тилек менен эле жашап калдык. Кийинки жылы жакшылыктар болор. Башка өлкөрдүн президенттери миллиарддаган инвестицияларды мамлекеттине алып келип жатат, бизде болсо мурунку менен азыркы президенттин кайым айтышканын эле угуп жатабыз. Саясатташкан жыл деле деп айтууга болбойт. Анткени саясатта деле чоң өзгөрүүлөр болгон жок. Коррупция менен күрөшөт го десек бирөө-экөөсүн эле кармап, ушитип күрөшүп жатабыз дешти. Негизи фундаменталдуу бир кадамда болгон жок.

Мурунку экономика министри Эмил Уметалиев дароо эле эске жаңы президенттин лидерлигинин астында коомдук жумуш өтүп жатканын баса белгилеп, эң негизгиси, «Ачык асман» саясаты колдоо тапканын айтты.

-Быйыл «Ачык асман» саясатын жарыялоо боюнча мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынды. Эми ал документке президенттин колу керек. Эгерде колу бүгүн коюлуп калса, 2018-жылы Кыргызстандын экономикасына, өнүгүүгө чоң кадам болуп калат эле.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова узап бара жаткан жылды аткаминерлердин камалуусу менен эсте калат деп эсептейт. Ошондой эле Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду актаган соттук чечимге да таң калганын жашырган жок.

-Ойлонбой туруп жооп бергенде эле саясий окуялар эске келет. Маселен, экс-президент менен азыркы мамлекет башчынын каршылашканы элди таң калтырды. Ошону менен бирге Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын камакка алынуусу да күтүүсүз болду. Анан сот Раим Матраимовду арызын канааттандырганы мени таң калтырды.

Деген менен, 2018-жылда Кыргызстанды дүйнөлүк аренада өзүн жакшы жактан көрсөткөн иш-чаралар болгонун белгилегендер да бар. Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун мамлекет III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын жана түрк тилдүү мамлекет башчыларынын саммиттин ийгиликтүү өткөрдү деп алкоого алды.

-Өлкөдө эң көрүнүктүү окуялардын бири бул—Көчмөндөр оюндары болду. Биздин оюндар дүйнөлүк аренада таанылды. Келген туристтер, жергиликтүү эл Ысык-Көлдө бир жума иш-чаралардан ырахат алышты. Чолпон-Ата шаарында түрк тилдүү мамлекет башчыларынын саммитин ийгиликтүү өткөрдүк. Анткени бир дагы жыйынга 6-7 президент чогулуп катышкан эмес. Көрүнүктүү болгон окуялардын бири бул— Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси. Ал дүйнөлүк деңгээлде, айрыкча Евразия аймагында, ТҮРКСОЙ уюму да мамлекеттик деңгээлде белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстан үстүбүздөгү жылы коңшу мамлекет жана башка өнүккөн өлкөлөр менен мамилесин жакшырткан. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов өлкө Түркия жана Кытай менен болгон мамилесин оңдоп, кызматташуу кайра жанданганына токтолду.

-Кыргызстанда саясий атмосфера башкача. Бизде коркутуп, үркүтүү жок. Анан саясий туруктуулук бар. Тышкы саясатыбызда жетишкендиктер болду. Шериктеш мамлекеттер менен жакшы мамилени түзүп алдык. Кыргыз-кытай мамилеси жогорку дипломатиялык деңгээлге чыкты. Түркия менен солгундаган мамилени калыбына келтирдик.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды жыйынтыктаган басма-сөз жыйынында узап бара жаткан жылды саясатташкан жыл болду деп баалады.

Copyright © 2017 Maral FM