Биз менен байланышыңыз

Франциялык бала Оштогу бир туугандарын тапты

Кыска кабар | 31 Дек 2018 | 611 | 0

Францияда жашаган бала өзүнүн Оштогу бир туугандарын тапты. Орусиялык «Жди меня» теледолбоорунда жарыяланган окуя коомчулуктун көңүлүн бурду.

Телепрограммага франциялык 11 жашар Кирилдин апасы Катеринден кат келген. Анда ал баласынын биологиялык бир туугандарын издегенин кабарлаган.

2007-жылы Москвада иштеп жүргөн Ош облусунун Караван айылынын тургуну кош бойлуу кезинде кургак учук оорусуна чалдыгып, дарыгерлердин тыюу салганына карабай баласын жарык дүйнөгө алып келген. Башта эскертилгендей эле ал төрөттөн бир жума өтпөй көз жумат. Баласын бир туугандарына табыштаганына карабай төрөт үйү аны мамлекеттик балдар үйүнө тапшырат. Бала 2 жашка келгенде аны бала асырап алуу үчүн Франциядан келген Катерина алып кеткен.

Бала бой тарта баштаганда ага чындыкты айтышып, бир туугандарын  табуу максатында Москвага келишет. Бирок бир туугандары орусиялык эмес, кыргызстандык жарандар болуп чыгышкан. Ал программанын алкагында өзүнүн энесинин сүрөтүн көрүп,  туугандарына жолугуп, бир тууган агасы менен интернет аркылуу сүйлөштү.

Туугандары аны күтүп келгенин айтышып, Кыргызстанга чакырышты.

Copyright © 2017 Maral FM