Биз менен байланышыңыз

31-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт

Кыска кабар | 30 Дек 2018 | 783 | 0

Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 30-декабрдан тарта 5-январга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык,  30-декабрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

31-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

2-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

3-декабрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

4-5-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 5-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM