Биз менен байланышыңыз

Жаңы жыл түнү “Тазалык” ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштейт

Кыска кабар | 30 Дек 2018 | 679 | 0

Бишкекте Жаңы жылды майрамдоо маалында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң эртеден тарта нөөмөттө турушат.

Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, таштандыларды тазалоо үчүн жалпысынан 60 адам жана 7 даана атайын техника тартылат. «Ала-Тоо» аянтынын бардык тарабында таштанды челектери орнотулуп, кошумда дагы 40 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнер коюлат.

Таштандыларды тазалоо үчүн шаар боюнча «Тазалык» МУнын кызматкерлери тынымсыз иш алып барышат.

Бишкек шаардык мэриясы жалпы шаар тургундарын келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктап, таштандыларды атайын таштанды челекке салуу керектигин эске салат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM