Биз менен байланышыңыз

Орусия дары-дармек үчүн апийим өстүрөт

Кыска кабар | 30 Дек 2018 | 1086 | 0

Орусия өкмөтү өлкө аймагында маңзат өсүмдүктөрүн өстүрүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ санкция шартында импорттолгон наркотикалык дары-дармектердин ордун басууга багытталган. Бул тууралуу  жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Ага ылайык, учурда Орусияда 13 апийим препараты каттоодон өткөн, алардын тогузу — жашоо үчүн өтө маанилүү делген дары-дармектердин тизмесинде.

Бирок бул өлкөдө алардын бирөө дагы толук мерчемде өндүрүлбөйт. Орусияда маңзат камтылган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө тыюу салынган.

Орусия учурда курамында маңзат бар, ооруну басуучу дары-дармектерди 100 пайыз чет өлкөдөн алат.

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө Орусия аймагында уктатуучу апийимдин сортторун өстүрүүгө жана апийимдин сабактарын кайра иштетүүгө уруксат берүү каралган. Эксперттерге өкмөттүн токтомун толуктап, өсүмдүктөрдүн акыркы тизмесин түзүү сунушталган. Учурда Орусияда өнөр жай үчүн гана кара куурай өстүрүүгө уруксат берилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM