Биз менен байланышыңыз

2018: Эл өкүлдөрүнүн эсте калчу учурлары

Саясат | 28 Дек 2018 | 724 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 2018-жылдагы иши жыйынтыкталды. Бир жылда депутаттар 107 мыйзамды кабыл алган. Анын арасында элге түздөн-түз пайдасы тийген мыйзамдар катары өткөн жылдын республикалык бюджети, ачык асман саясаты, экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамдар бар.

Жогорку Кеңеш бийликтин орчундуу болгон экинчи бутагы болуп эсептелет. Парламенттин мойнуна мыйзам чыгаруу жана аны көзөмөлдөө милдетти жүктөлгөн. Ага жараша шарттар да түзүлүп, жылына республикалык бюджеттен 700 млн сом каражат бөлүнөт. Мыйзамдарды эсепке алуу жана тутумдаштыруу бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бул жылы депутаттар 107 мыйзамды кабыл алган.

Депутат Таабалды Тиллаев VI чакырылыштын 2018-жылкы иши ийгиликтүү аяктады деп баа берди. Ал парламент мыйзам чыгаруу жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын так аткарып, саясий чечимдерди кабыл алууда президент, өкмөт менен эриш-аркак иштегенин айтты.

-Жогорку Кеңештин 5-сессиясында орчундуу көптөгөн жакшы мыйзамдар кабыл алынды. Мындан тышкары жарандарыбыздан көптөгөн арыз-даттануу түшүп, алар менен жолугушуу өттү.

Парламентте ар кандай маселелер боюнча убактылуу депутаттык комиссиялар түзүлгөн. Алардын бири Бишкек жылуулук борборуна байланыштуу. Ушул комиссиянын иши коомчулук тарабынан жогору бааланганын депутат Улан Примов белгиледи.

-Парламенттин ишине өзүбүз баа бергенден алыспыз. Бааны эл берет. Чындыгында, 2018-жылдагы жакшы окуялардын бири Көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жана парламенттин 80 жылдыгына карата иш-чаралар болду. Андан кийин Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча иштеген депутаттык комиссия өзүнө коюлган милдетти татыктуу аткарды. Анын негизинде бир топ жетекчилерге кылмыш иши козголуп, алды сотко жетти.

Мындан тышкары, депутаттык корпуста өзгөрүүлөрда орун алды. Бул жылы өкмөттүн курамына депутаттар Алтынай Өмүрбекова, Азамат Жамангулов, Болотбек Ибраимжанов жана Исланбек Сарсейитов кошулду. Депутаттык мандаттын өз арызы менен Өмүрбек Бабанов, Фархат Иминов жана Музаффар Исаков тапшырган. Ал эми депутаттар Жыргалбек Калмаматов жана Нурлан Кадыкеев каза болду.

Алардын ордуна узап бара жаткан жылда парламент 12 жаңы депутат менен толукталды. Алар Абдыбек Дүйшалиев, Марлен Маматалиев, Насыр Мусаев Руслан Чойбеков, Сагындык Келдибаев, Бактыбек Турусбеков, Тариел Жоробеков, Жаныбек Исаев, Орозбек Алыбаев, Эрмамат Тагаев, Өмүрбек Бакиров жана Нурбек Тотонов.

«Жогорку Кенеш өтүп бара жаткан бир жылда кандай иштеди?» деген суроо серепчилердин пикирин угуп көрдүк.

Бирок саясатчылар жана адистер тарабынан парламенттин ишмердүүлүгүнө берилген баа бир кылка эмес. Маселен, саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында, быйыл парламентте КСДП фракциясына байланышкан маселелер көп көтөрүлдү. Ошону менен бирге башка фракциялардын үндөрү угулбай жатты.

-Парламент депутаттардын деңгээлине асылгандар көп. Бирок башка жактан парламенттарийлерди алып келе албайбыз. Алар — коомдун күзгүсү. Жогорку Кеңеште олтурган депутаттардын баарын өзүбүз шайлаганбыз. Ошондуктан алардын кесипкөйлүгүндө шайлоочулар өздөрү жыйынтык чыгара турган маселе. Бул депутаттардын деңгээли төмөн болсо, элдики деле ошондой дегенди билдирет. Негизинен парламенттин элдин көйгөйлөрү чечип эле берип жатат. Буга калк дагы көнө түштү. Парламент жакшы эле иштеди.

Буга чейин парламенттин президентке көз карандылыгы боюнча көп сөздөр айтылып келген. Президент алмашкандан бери бул багытта өзгөрүү болбогонун эксперттер байкашканын айтышат.

Легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев эл өкүлдөрүнүн жумушуна болгон жоопкерчилиги жоголду деп эсептейт.

-Жумасын эки жолу болгон жыйналышытарга толук келишпейт. Бул өздөрүн, элди дагы сыйлабастыкка жатат. Кыскасы, ушул жагынан караганда, Жогорку Кеңештин кемчилиги аябай көп болду. Эң эле орчундуу маселеси Сапар Исаков жетектеген өкмөттү отставкага кетирүүсү болду. Мында Жогорку Кеңеш өзүнүн принциби жок экенин көрсөтүп койду. Дагы бир эсте калчу нерсе, башкаруучу партия КСДП фракциясынын ичиндеги бурулуштар болду. Таң калганым, кечээ эле мурунку президентти айга, күнгө теңеп олтурган адамдар аны жамандап, жаңы бийлик жакка ооду. Азыр таптакыр тескери сүйлөп, 180 градуска өзгөрүштү.

Узап бара жаткан жылы депутаттар Сапар Исаков жетектеген өкмөттү отставкага кетирди. Өкмөткө Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган курамды жактырып, дайындап берди. Быйыл Кыргыз парламенттинин 80 жылдыгын да белгилешти.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев быйыл эл өкүлдөрү жаратмандык жумуштарды жасаган жок деп сындады.

-Кичинекей эле мыйзамдарды кароо менен алек болуп жатышты. Демилгелердин 60 пайызы майда мыйзам болду. Чоң мыйзамдарды өкмөт демилгелеп киргизип, депутаттарды ураалатып өткөрүп алып жатты. Жакшы жактарынан эч нерсени айта албайт экенмин. Ачыгын айтканда, эч нерсени сезген жокмун.

Эске салсак, 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына 6 партия шайланып келген. Алар КСДП, «Республика-Ата Журт», Кыргызстан, «Өнүгүү-Прогрес», «Ата Мекен» жана Бир Бол.

Copyright © 2017 Maral FM