Биз менен байланышыңыз

Туристтик милиция ишин баштады

Кыска кабар | 28 Дек 2018 | 658 | 0

Бүгүн, 28-декабрда өткөн милициянын саптык кароосунда жаңы Туристтик милиция бөлүмүнүн бет ачары болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Туристтик милициянын кызматкерлеринин чет тилдерин, өзгөчө англис жана түрк тилдерин билүүсүн талап кылды.

Туристтик милициянын вазыйпасы-Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана аларга консултациялык жардам берүү.

«Өлкөбүздүн меймандары каалаган маселе боюнча Туристтик милицияга кайрыла алышат. Конок коопсуздук, ден соолук жана аймакты таанытуу боюнча жардамдарды сурай алат. Кызматкерлер чет тили билимин үзгүлтүксүз жогорулатууга тийиш. Алар медицинадагы Тез жардам кызматы сыяктуу туристтерге ар кандай кырдаалда ыкчам жардам жеткирүүгө милдеттүү»,-деди министр.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында ИИМдин буйругу менен Туристтик милиция бөлүмдөрү түзүлө баштаган. Ошондой эле министрдин буйругу менен аталган кызматтын милициядан өзгөчө кою көк түстөгү формасы, көкүрөк белгиси жана билегине тагып жүрүүчү көк түстөгү куру колдонууга кирген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM