Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Сот аркылуу «Апрелди» жабуу аракети бар

Саясат | 27 Дек 2018 | 1024 | 0

Бир катар саясатчылар экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берди. 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ушул жылдын 10-декабрында өлкөдөгү абал тууралуу маек берген. Анда ал өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп байыган экс-төрага Акматбек Келдибеков жана экс-депутат Нариман Түлеевдин тууралуу айткан. Коррупция менен күрөштө азыркы бийлик ушул саясатчыларды текшерүүгө алууга чакырган.

Ошончо жыл иштеп тапкан акчасына үй салуу бул күнөө болуп эсептелеби? Мени текшербей өмүр бою кызматта иштеп, миллиондогон акчага үй салып, той өткөрүп «Джип» мингендерди текшербейби? Мына мультимиллионер аталган Акматбек Келдибеков же Түлеевди текшербейби…

Дал ушул маекте айтылган жалган кептер «аброюма шек келтирди» деген негизде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясатчы Азимбек Бекназаров экс-президентти жана «Апрель» телеканалын сотко берди. Кеңешбек Дүйшөбаев үч саясатчынын аброю 18 млн сомго бааланганын айтып, мыйзам чегинде жооп берүүсүн талап кылууда.

Буга чейин саясатчылар «Апрель» телеканалы жана экс президент кечирим сурасын деп чыгышкан эле. Бирок эч кандай жооп болбогон соң сотко кайрылышкан.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайрылдык. Менин жанымда Келдибеков, Бекназаров дагы бар. Ар бирибиз кадыр-баркыбызды 6 млн сомго баалап жатабыз. Моралдык жактан келтирилген зыян. Эгер Кудай буюруп соттон жеңип кала турган болсок, ошол сумманы толугу менен кайрымдуулукка жумшайбыз.  

Учурда соттун кагазы «Апрель» телеканалына келгенин «КСДП» партиясынын  башкы штабы тастыктады. Партиянын басма-сөз катчысы Кундуз Жолдубаева телеканалдын жетекчиси Дмитрий Ложниковго мындай тариздеги кат келгени менен азырынча Алмазбек Атамбаевге келе электигин билдирди.

Келдибеков, Дүйшөбаев жана Бекназаров Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалынын башкы директору Дмитрий Ложниковду сотко бергенин кечээ уктук. Бирок азырынча Алмазбек Шаршеновичтин атына билдирүү келе элек. Ал эми Ложниковго келди. Бүгүнкү күнү алар 18 млн сом талап кылып жатышат. Экс-президентке дагы кандайдыр бир билдирүүлөр келсе, кошумча маалымат беребиз.

Эми экс-президентке тийиштүү болгон  арызды сот артка чакыртып алышы ыктымал. Себеби бүгүнкү күнү Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги бар. Бул маселе кол тийбестик алынганда гана ишке ашарын юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев мыйзамдагы беренелер менен түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Зулушевдер көтөрүп жаткан 2003-жылдагы Президенттин ишмердиги жөнүндө мыйзам бар. Тагыраагы, «Кол тийбестик» боюнча. Президенттен 18 млн сомду төлөшү үчүн кол тийбестик алынышы керек. Эгер алынып калса, бул ишти караганга болот. Ага чейин мүмкүн эмес.   

Ушул ыңгайдан караганда, парламенттин шайлоону утурлай экс-президентти сотко берген саясатчылар Атамбаевдин аброюн коомчулук алдында түшүрүү менен «Апрель» телеканалын жабуу аракети болуусу мүмкүн экенин саясат талдоочу Марс Сариев айтты. Анткени шайлоо өнөктүгүн утурлай жалпыга маалымдоо каражаттарынын баасы жана баркы көтөрүлөт.

Менин билишимче, экс-президентти сотко берип жаткан үч саясатчынын азыркы президент менен мамилеси жакшы. Келаткан жазда КСДП партиясынын съезди болот. Ага чейин Атамбаевдин аброюн түшүрүү менен анын телеканалын дагы жок кылууга аракет кылышат. Бул, албетте, саясий күрөш. Мен Атамбаевдин буга чейин жасаган иштери өзүнө кайтып келип жатат деп ойлойм.

Эске сала кетсек, буга чейин Келдибеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аткандары боюнча аны сотко бере турганын айткан эле.

Copyright © 2017 Maral FM