Бүгүн Бишкекте мамлекеттик «Ала Арча» резиденциясында соттук реформа боюнча Кеңештин экинчи жыйыны өттү. Ага мамлекет башчы баштаган тиешелүү жетекчилер жана депутаттар катышты. Күн тартибинде эки маселе каралды.
Ушул жылдын май айында Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны болгон. Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Жарлыкка кол коюлуп, анда жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды киргизүүгө даярдык көрүү иштерин кечиктирбей бүткөрүү тапшырмасы берилген. Кеңеш ошол Жарлыктын аткарылышын карап, мамлекеттик органдардын даярдык иштеринин жыйынтыгы менен тааныштырды.
Соттук реформа боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн президенттин тапшырмасы боюнча 5 айдын ичинде 70 жолугушуу өткөргөн. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бардык региондордо мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.
-Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат. Буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Биздин реформанын өзгөчөлүгү — соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзүп жатабыз. Анткени бул экөө өз ара тыгыз байланышкан чөйрө. Аларды өз-өзүнчө кароо мүмкүн эмес.
Мындан сырткары айрым мамлекеттик органдарда реформага барууга саясий эрк жетишпей жатканын белгиледи.
-Тилекке каршы, бул иш убагында бүтпөй калды. Өкмөт менен Жогорку Кенеш айрым кечиктирилгис мыйзамдарды кабыл алууну кечеңдетүүдө. Ошондуктан Жаӊы жыл башталганга чейин бул маселелерге дагы бир жолу кайрылып жатам.
Өкмөт 2019-жылы соттук-укуктук системаны реформалоо үчүн 4 негизги иш-чараны аткарат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков билдирди.
Анын айтымында, быйыл көрүлүп жаткан иш-чараларга 264 млн сом кошумча каралды. Реформанын алкагында 200 ашык мыйзамды өзгөртүү зарыл.
-Пробация институтун түзүү боюнча иштер улантылат. Ошондой эле жазык мыйзамдарын ишке ашыруунун укук колдонуучу практикалык мониторинг кылуу боюнча олуттуу иштерди жасоо пландалууда. Мамлекеттик кызматкерлер окутулуп, калкка жаңы кодекстерди түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Жаңы мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында ведомстволор аралык эки ыкчам оперативдик топ түзүлөт.
Ал эми Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Тергөө судьясы институтун ишке киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу буларга токтолду:
-2019-жылдан тарта Тергөө судьясы институту ишке кирет. Мыйзамдарга ылайык, жергиликтүү соттордо тергөө судьяларынын штаттык бирдиктери киргизилгенге чейин соттук көзөмөлдү жергиликтүү соттордун Жогорку Сот тарабынан аныкталуучу судьялары жүзөгө ашыруусу көрсөтүлгөн. Тергөө судьяларынын штаттык бирдиктери бекитилип, алардын толук кандуу иштей баштагандан кийинки иштөө тартибин жөнгө салуу жагы мыйзамда каралбай калган. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеште тергөө судьяларынын штаттык бирдиктери тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
Кеңештин отурумунда Жээнбеков айрым министрликтерди күчүнө кирге турган жаңы мыйзамдар менен иштөөгө болгон даярдыгын сурады. Белгилүү болгондой, укук коргоо органдары жаңы мыйзамдын талаптары менен иштөөгө даяр.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин айтымында, бирдиктүү кылмыш жана жоруктардын реестри боюнча техникалык жабдыктар жеткирилип, серверге кошулду.
-Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жаңы кодекстер менен мыйзамдардын талаптарын аткарууга даяр. 1-январдан баштап баардык жерлерде иштей баштайт. 30-декабрдан 5-январга чейин орун басарларым жана башкы башкармалыктардын жетекчилери жер-жерлерге көзөмөлдөө жана жардам берүү үчүн жөнөтүлөт. Биз даярбыз.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жаңы жылдан баштап сот тармагына бөлүнгөн каражат 40 пайызга көбөйгөнүн жана эрк да берилип жатканын баса белгиледи. Эми соттор элдин ишенимине ээ болуусу үчүн аларга абийир менен ар-намыс керектигин эске салды.
-Жогорку Сот дагы деле элдин ишенимине кирген жок. Калыстык үчүн айтуум керек, Жогорку Кеңеш жана президент колунан келген аракетин кылып жатат. Бирок реформа бизден эле көз каранды эмес экен. Акырындан оңолот деп ишенемин. Соттук экспертизага бизде эксперттер жетпейт экен. Курулуш боюнча эки эле эксперт иштейт экен. Эгерде Баткенде чыр-чатак чыгып калса, экспертти жиберсе, ал жакта 15 күн жүрөт экен.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы Кылмыш кодекси, Кылмыш-процессуалдык кодекси, Кылмыш-аткаруу кодекси, Жазык тууралуу кодекс, Мыйзам бузуулар тууралуу кодекс, «Пробация тууралуу» жана «Мунапыс тууралуу» мыйзамдар күчүнө кирет. Жогорудагы кодекстер менен мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынган.