Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жумушсуздар 2 миллиондон ашат

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 647 | 0

Кыргызстанда расмий түрдө 2 миллиондон ашык жумушсуз бар. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтты.

Анын айтуусу боюнча, өлкөдөгү жумушсуздардын саны 2018-жылы 2 млн 525 миң адамды түздү.

“Алардын ичинен 24 миң 200ү жумуш орундары менен камсыз болгон. Бул жылы бир вакансиялык орунга 19 адам туура келди. Ошондой эле биздин эмгек менен камсыздоо кызматыбыз аркылуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 115 жаран жумушка алынды”, — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM