Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратылды. Аны менен бирге мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө сот өкүм чыгарды. Бул чечимди юристтер мыйзам боюнча адилеттүү болгонун айтканын менен бирок өкүмдү каттаал деп баалашты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма-сөз катчысы Сюита Соурбаева кабарлады.
-Аскарбек Шадиев жазасын абакта күчөтүлгөн тартипте өтөөсү белгиленди. Чечим сырттан окулду. Айта кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин биринчи бөлүгү «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча 9 жыл, 304-берене менен «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» айыбы менен эки жылга соттолду. Ал эми жарым-жартылай кошуу жолу аркылуу 10 жылга камака алуу чечими чыкты.
Соттун чечимине ылайык, Аскарбек Шадиевге жана анын жакындарына таандык деген мамлекетке чегерилүүчү мүлктүн тизмеси жарыяланды. Анда мүлктүн жалпы суммасы 1 млрд 852 млн 236 миң 99 сомду түзгөн. Тизменин курамына «Карвен четыре сезона» эс алуу үйү (уставдык капиталынын 33,33 пайыз), «Аква Инвест Плюс» (уставдык капиталынын 50 пайыз), «Карвен Групп» (уставдык капиталынын 50 пайыз), Орто-Сай айылындагы «Ала-Арча» турак-жай комплексиндеги жеке үйү, Бишкектеги кеңсеси, «Тойота Лэндкрузер 150» үлгүсүндөгү унаасы, коммерциалык банктардагы Аскарбек Шадиевдин өзүнө таандык 5954 АКШ доллары, аялы Асел Шадиевага таандык 57 069 миң доллар жана 290 миң 535 сому, «Трейд Инвест» («Ала-Арча» соода борбору) (уставдык капиталынын 100%), «Ларель» (уставдык капиталынын 50%) кирди.
Буга чейин Башкы Прокуратура аны 11 жылга түрмөгө кесүүнү соттон өтүнгөн.
Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.
Бүгүнкү өкүм жогорудагы эки айып боюнча чыкты. Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган. Шадиевге издөө жарыяланган.
Юрист Кайрат Осмоналиев мыйзам боюнча Шадиевге козголгон кылмыш иштеринин негизинде өкүм адилеттүү чыкканын айтты.
-Шадиевдин адвокатты экинчи инстацияга кайрылат окшойт деп ойлоймун. Соттун чечими тергөөнүн негизинде чыгарылды. Экс-депутатка козголгон кылмыш иштердин жазасы сот чыгарып берген өкүмдөй эле болот. Мүлкүн конфискациялаганы кылмыш ишинде финансылык негиздер болуп жатат. Ошондуктан соттун чечими адилеттүү жана мыйзамдуу.
Ал эми Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов Шадиевге карата чыккан өкүм катаал болуп калганын билдирди.
-Мындай өкүм өтө оор. Күнөөлүү киши мойнуна алып, мен туура эмес маалымат бергенмин деген. Ал киши өзүнүн жазасын алды. Ошондуктан өкүмдүн чечими өтө оор болуп калды.
Шадиевге катаал өкүм чыкты деген пикирди укук коргоочу Рита Карасартова да колдойт. Анын айтымында, Шадиевдин маселесинде ачылбаган жагдайлар да бар. Билбестен кол коюп алган документ үчүн 10 жылга камака кесүү туура эмес. Ошону менен бирге Кыргызстанда бирөөнүн ишкердигин тартып алуу көрүнүшү адатка айланууда.
-Кыргызстанда 2005-жылдан бери канча революция болуп жатса да, өлкөдө бирөөнүн мүлкүн ушундай нерсеге салып туруп, тартып алмай практикасы кеңири тарады. Чиновниктер эмне үчүн бийликке келүүгө шашат? Анткени сот, милиция, УКМК, Башкы Прокуратура биригип алып, бизнести тартып алмайга өтүштү. Шадиев мамлекеттик структурада иштеп турду. Ал мамлекеттик айлыкты алып алып, ушунча мүлктү кантип топтоду деп башка берене менен жоопко тартса, мен да айтмакмын башкаларга сабак болот деп. Бүгүнкү күндө андай деле эмес.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга парламенттеги «Бир Бол» фракциясы жазган арыз негиз болуп, Шадиевдин фракцияга жазган арызынын нускасын көрсөткөн. Ага экс-депутаттын колу коюлган. Ал эми Шадиев болсо өзү кийин билдирүү таратып, өз каалоосу менен арыз жазганын четке каккан.