Биз менен байланышыңыз

Шадиевдин 1,8 миллиард сомдук мүлкү конфискацияланды(тизме)

Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 1242 | 0

25-декабрь күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту парламенттин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыгарып, 1 миллиард 852 миллион 236 миң сомдук мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерди. Шадиев жана анын жакындарына катталган мүлк төмөнкүлөр:

-«Карвен четыре сезона» эс алуу үйүнүн уставдык капиталынын 33.33%ы;

-«Аква Инвест Плюстун» 50%;

-«Карвен Групптун» уставдык капиталынын 50%;

-Ала-Арча конушундагы №14 жер там;

-Ала-Арча конушундагы №19 жер үй;

-Манас проспектиси 11\1деги офис;

-«Тойота Лэндкрузер 150» автоунаасы;

-5954 АКШ доллары өлчөмүндөгү өзүнүн эсебиндеги акча каражаты;

-57069 доллар, 290535 сом өлчөмүндөгү аялынын эсебиндеги акча;

-Ала-Арчадагы «Трейд Инвест» соода борбору;

-«Ларель»дин уставдык капиталынын 50%ы.

Эске салсак, Аскарбек Шадиевге «мамлекеттик бюджеттеги каражатты жасалма документтин негизинде өз эсебине чегерип алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 27-апрелде мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, Тажикстан аркылуу Америкага качып кеткени үчүн «мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуу» беренеси менен экинчи айып тагылган. Ал эми үчүнчү «криминалдык жол менен киреше табуу» кинеси июль айында коюлган. Шадиев өзү учурда Америкада экени айтылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM