Биз менен байланышыңыз

Улуттук курама Катардын футболчуларына 1:0 эсебинде утулушту

Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 690 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы кечээ Катардын курамасы менен сынамык беттеш өткөрдү. Александр Крестинин жетектеген курама талаа ээлерине 1:0 эсебинде утулуп калды. Жыйынтыктоочу гол беттештин акыркы 90-мүнөтүндө кирген.

Макулдашылган эреже боюнча оюн ЖМК жана көрүүчүлөрсүз жабык режимде өттү.

Буга чейин ушундай эле беттешти Иордания менен өткөргөн Кыргызстан курамасы жеңишке жетишкен болчу.

Бул беттештер учурда Катардын Доха шаарында Азия Кубогуна даярдануу максатында өтүүдө.

Эске салсак, Азия биринчилиги 2019-жылдын 5-январынан 1-февралына чейин өтөт. Биринчи оюн 7-январда болуп, анда кыргыз футболчулары Кытайдын улуттук курамасы менен беттешет. Кийинки беттеш болсо Түштүк Кореянын оюнчулары менен 11-январда болмокчу. Ал эми филлипиндик команда менен 16-яныарда беттешери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM