Connect with us

«Унаа» ишканасы көп милдетти аркалайт

Саясат | 25 Дек 2018 | 1395 | 0

Унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу «Унаа» деген аталыштагы мамлекеттик мекеме түзүлдү. Ушул кезге чейин унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге коомчулук тарабынан нааразычылык көп болгон. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун, унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин жоюу, анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү чечими кабыл алынды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, адамдык факторду жоюу үчүн биринчи кезекте «Унаа» ишканасынын ишмердигин толук автоматташтырууну камсыздоо зарыл. Бардык маалыматтык базалар электрондук түргө келтирилиши керек.

-Жол кырсыктарынын алдынкы себептери квалификациялык сынактарды алган жана айдоочулук күбөлүктөрдү берген органга тиешелүү. Бул тармакты автоматташтыруу боюнча чоң иштерге карабастан, анда жакшыруулар азыркыга чейин байкала элек, бул коррупциялык схемалардын болушуна байланыштуу. Кайрадан жаңы түзүлгөн мекемеге кызматкерлерди алуу компетенттүү жана коррупцияга аралашпаган кадрларды тартуу үчүн ачык сынактык негизде өткөрүлүшү кажет.

Буга чейин унааларды каттоо тутумунда бир топ коррупциялык схемалар аныкталган. Өкмөттөн билдиришкендей, жакынкы убакта кызматкерлерди алууга ачык сынак өткөрүлөт.

Кеңешмеде өкмөт башчы мамлекеттик каттоо кызматына унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүүнү оптималдаштырууну, ошондой эле аларды алуу мөөнөтүн кыскартуу чараларын көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаева билдирди.

-«Унаа» мекемеси коррупцияны жоет. Ишкана бир катар маселелерди чечүүнү шарттайт. Транспортук каражаттарга каттоо документтерин берүүдө, айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка бланкалык продукцияларды персонификациялоодо бирдиктүү терезе түзүлөт. Ал эми кызматкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, калкка социалдык маанилүү мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана материалдык-техникалык жабдуу маселеси чечилет. Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн квалификациялык сынактарды кабыл алуудагы жана өткөрүүдөгү адамдык факторлор жоюлат. Ошондой эле катталган транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамдын актуалдуу маалыматтык базасы түзүлөт.

Жакында эле автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шектүү катары кармалган. Колго түшкөн аткаминер автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталууда.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрагасы Эрлан Сапарбаев жаңы түзүлгөн мекеменин уставдык документтери менен тааныш эмес экенин белгилеп, кандай иштеп кетерин убакыт көрсөтөрүн айтты.

-Эгерде өкмөт ойлогондой иштесе, анда жаңы мекеме түзүлгөнү туура эле болсо керек. «Унаа» ишканасынын уставдык документтерин көрүш керек. Буга чейин иштеп келген департаментте кандай ыйгарым укуктар бар эле, жаңы ишканада кандай болот? Ушуну салыштырып айтпасам, кандай иштээрин билбеймин. Негизинен нааразычылык айдоочулук күбөлүктөрүнө айтылып жатпайбы. Мында каттоо кызматынын эле эмес айдоочулук мектептердин да жоопкерчилигин карап чыгуу керек.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Махабат Мавлянова жаңы мекеменин ачылышын кубаттады.

Департаментке караганда мамлекеттик ишкананын ыйгарым укуктары кеңири болот. Ага жараша жумуштарды натыйжалуу аткарууга мүмкүнчүлүктөрү жакшырат. Ошондон кийин айтылып жаткан көйгөйлөрдү чечүүдө жылыштар болот го деп ойлоймун.

Кошумчалай кетсек, жаңы мекемеге кызматкерлер ачык сынактын негизинде тандалып алынары маалым болду. Учурда айдоочулук күбөлүк Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилет.

Copyright © 2017 Maral FM