Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Президенттин сот ишине кийлигишүүсүн талап кылуу аны кылмышка түртүү болуп саналат

Күн чекит | 24 Дек 2018 | 714 | 0

Саясий негизде камалды делген айрым саясатчылардын ишин жаңы жылга чейин кароо талптары күч алды. Жадагласа алар мамлекет башчыдан бул ишке кийлигишүүсүн каалап жатышат. Бирок ал, өзүнүн ыйгарым укуктарына кирбеген ишке аралашпай турганын айтып, Өмүрбек Текебаев сыяктуу саясатчылар ырайым сураса берерин билдирген. Бул маселенин күңгөй-тескейин «Күн чекит» программасынын алкагында КР эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев менен талкуулаганбыз.

Марал: Абактагы саясатчылардын ишин жаңы жылга чейин кароо талаптары аткарылуусу мүмкүнбү? Эгер болсо, кандай укуктук негизде ишке ашат?

Мукар Чолпонбаев: Ар бир бийликтин өзүнүн аткарган милдети жана укуктары анык белгиленген. Сиз айткан саясатчылардын ишин аягына чыгаруу боюнча президенттен суранышып, соттук ишке президенттин кийлигишүүсүн талап кылышууда. Бирок, бул абдан туура эмес иш, аны кылмышка түрткөн талап. Президент айрым иштерге кийлигише турган болсо, кийин бардык иштерге кийлигишүүсүн талап кылышат. Эгер ал кийлигишпесе деле соттор президенттин каалоосу деп шылтап, өз билгендей чечимдерди чыгарып салуусу толук мүмкүн. Ошондуктан, биз колдон келишинче президентти бул иштерге кийлигишүүдөн узак кармашыбыз керек. Соттор чечишсин деп аны сактап турушубуз керек.

Аталган саясатчылардын соттору бүткөн, Жогорку сотко чейин өз чечимин чыгарган. Бир гана Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто карала элек.  Эми мындан ары амнистия же президенттик мунапыс маселеси гана карлуусу мүмкүн.

Марал: Мунапыс демекчи, абактагы Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сураса берерин билдирди. Ал болсо мындан баш тартууда. Бирок айрым юристтер ырайымды абактагы адам сурабаса деле президент өз демилгеси менен берүүсү керектигин билдиришүүдө. Бул аргумент канчалык негиздүү?

Мукар Чолпонбаев: Жок, андай мызам жок. Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын ын чегинде гана сунуштады. Мунапыс алуу үчүн абактагы адам сөзсүз арыз жазуусу керек. Андан соң гана президент муну кабыл алат же албайт. Эгер камалгандын сурануусу жок эле берчү болсо, анын укугун бузгандыкка жатат.

Марал: Эгер жаңы жагдайлар ачылып калса, жаңы жылга чейин алардын иши каралуусу мүмкүнбү?

Мукар Чолпонбаев: Албетте. Эгер жаңы жагдай чыкса иши каралат. Бирок жаңы жылга чейин ал жагдайды прокурор гана тастыктап, ача алат. Ал эми жаңы жылдан кийин соттолгондун жактоочулары жаңы жагдай чыкты деген жүйө менен сотко кайрыла алат. Бул 2019-жылдын январынан тарта күчүнө кире турган жаңы кодекстердин негизиндек каралуусу мүмкүн.

Марал: Дегеле, жаңы жагдай кантип аныкталат? Кандай шарттар менен тастыкталат?

Мукар Чолпонбаев: Эки жолу бар: жаңы ачылган жагдай жана жаңы шарт деген. Жаңы шарттар жаңы мыйзам чыгып калганда, соттогу күбөгө же судьяларга ушул иш боюнча өкүм чыгып калса жаңы шарт түзүлөт.

Ал эми сот ишиндеги күбө жалган көрсөтмө берип кесилип кетчү болсо, же ошол кезде сотко белгисиз фактылар пайда болуп калса жаңы жагдай пайда болот. Бирок азыр бизде сотко беймаалым материалдарды табуу кыйын.

Copyright © 2017 Maral FM