Биз менен байланышыңыз

Жаңы жыл: Корпоратив азайып, кайрымдуулук көбөйүүдө

Коом | 24 Дек 2018 | 939 | 0

Жыл сайын жаңы жылдык маанай үчүн  кечелерге, майрамдык салюттарга, белектерге деп ар бир компания, ишкана, жамаат жакшы эле каражатты коротот. Бирок салтка айланган бул адатты быйыл башка өңүттө пайдаланууга өткөндөр да бар. Маселен, «Замандаш» саясий партиясы быйыл корпоративдерге кетчү каражатты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүгө жумшоону демилгелеп чыкты. Башында аз эле кишиден турган бул демилгеге азыркы тапта партияга тиешеси болгон да, болбогон да кошулууда. Бала кезде кыйынчылыкты биз да көргөнбүз деген партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов 50 кишилик корпоративди өткөрүүнүн ордуна 50 үй-бүлөгө жардам берүү жагымдуу экенин айтат.

Жалпы статистика боюнча быйыл Кыргызстанда жакырчылык өсүптүр. 6 млн калкы болсо, анын 26%  башкача айтканда 1,5 млн аз камсыз болгон дегенди түшүндүрөт. Анын 50-60 миңи өтө оор абалда экен. Ал эми жалпы эсептей турган болсок, 50-60 кишилик кече боло турган болсо, 1 кишиге жок дегенде 1500-2000 сомдон кетет. Ошол акчаны 3-4 сааттык отуруп, чай ичип чер жазуу үчүн эмес, муктаж үй-бүлөлөргө жумшаса жакшы болот го деп ойлодук.

Болжолдуу эсеп боюнча жаңы жылдык кече үчүн бир кишиге кеминде 2000 сом кетет. Ал эми шоу программа үчүн 1500 сомдун тегерегинде. Кайрымдуулуктарда да активдүү болуп жүргөн алып баруучу Нурсултан Майназаров мындай маданияттын калыптанып бара жатканы колдоого аларлык деп, аз болсо да кайрымдуулукта өлчөм жок экенин белгиледи.

Кеткен каражат компаниянын чоң же кичинекей болгонуна жараша өзгөрөт. Бирок бир кишинин тамак-ашына 2000 сом, шоу программага 1500 сомдон туура келет. Тилекке каршы, айрымдарыбыз “биз аз эле кишибиз, 10 миң сомго эмне жасалмак эле” деп коёт, бирок кайрымдуулукта чек жок. 10 миң сом дегени менен азыр 10 сомго муктаж адамдар бар.

“Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фондунун директору Айдар Кубанычбеков учурда мындай демилгени колдоп, кеткен каражатка аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жылуулук менен камсыздоого жардам бергендер да бар экенин айтты.

Жаңы жылда сөзсүз түрдө отуруш керек деген тушүнүк калыптанып калган. Ошондуктан биз айрым компаниялар менен сүйлөшүп, “жылуулук тартуула” акциясына катышууну сунуштадык. Учурда айрым компаниялар толугу менен каражатын берип катышса, айрымдар кандайдыр бир бөлүгүн берип, өздөрү чакан чөйрөдө гана отурушуп, кайрымдуулук жасагандар бар.

Эске салсак, 2015-жылдан 2016-жылга карата өткөрүлө турган жаңы жылдык кечелерден мамлекеттик мекемелер массалык түрдө баш тартышкан. Ага өз кезегинде “Манас” эл аралык аэропортунун корпаратив өткөрүү үчүн тендер жарыялап, коомчулукта сынга кабылганы себеп болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM