Биз менен байланышыңыз

Президент кимге жана кайсы учурда ырайым кыла алат?

Саясат | 24 Дек 2018 | 1716 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттен ырайым сурап кайрылуу ниети жок. Бул тууралуу өзү Улуттук кардиология борборуна туулган күнү менен куттуктап барган партиялаштары баш болгон бир топ саясатчылар менен жолугушууда билдирген.

Анын айтымында, жаза мөөнөтүнүн беш жылдан ашыгы бүткөн. Мыйзам боюнча жакын арада жатак абакка жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошол үчүн өзүнүн актыгын далилдемекчи.

-Мен 8 жылга кесилгем, бул мөөнөттүн жалпы эсептегенде 5 жыл 2 айын отурдум. Эки айдан кийин жатак абакка чыгам. Бир жылдан кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгам. Мен кармалгандан баштап бардык этапты басып өттүм. Эртеби же кечби эркиндикке чыгам. Жок нерсени бар деп койсо, ал тарыхта ташка тамга баскандай калбайт. Мен күткөндөн коркпойм. Колдоп турган адам болсо, бардык нерсе коркунучсуз. Адам кылган ишинин бааланышын билсе, өлүмгө деле кете бергидей. Эл-журт колдоп турса, эки ай көбүрөөк отуруп койсом ашыкча болбойт.

Буга чейин 19-декабрда маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевдин иши боюнча өзүнүн пикирин ачыктаган. Мамлекет башчы Өмүрбек Текебаев боюнча бардык соттук инстанция бүткөнүн, Жогорку Кеңеш дагы караганын жана аны буза албай турганын билдирген. Ошондуктан камактагы саясатчы ырайым сурап жазса, анда бере турганын айткан.

Мындан улам ырайым берүүнүн жол-жоболоруна кызыгып көрдүк. Мыйзамда президент тарабынан гана жекече белгилүү адамга карата ырайым берүү ишке ашырылат. Ырайым берүү актысы президенттин жарлыгы менен, өтүнүч түшкөн соттолуучуга даректелүү менен кабыл алынат.

Жогорку Кеңештин мурунку депутат Аида Салянова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына ырайымдуулук соттолгон адамдын суранычы менен болот деген норма эч бир мыйзамда жок экенин жазды. Ага ылайык, ырайымдуулук — президенттин жеке каалоосу менен болгон укугу. Аны соттолгон адам сурап албайт.

Деген менен Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов мыйзам боюнча ырайымды соттолгон тарап сурай турганын билдирди.

Анын айтымында, ырайым суроонун жол-жобосу бар. Ага ылайык, соттолгон тарап кылган күнөөсүн мойнуна алып, чын дилден өкүнүп, ырайым сураса, президент карап чыгат.

-Ырайым берүү боюнча президенттин алдында комиссия бар. Президенттин наамына келип түшкөн өтүнүчтөрдү комиссиядан карап, Башкы Прокуратуранын жана укук коргоо органдардын корутундусун алып, президентке сунуш киргизилет. Ырайым суроо-бул кечирим суроо деген сөз. Анда соттолгон адам өзү сурашы керек. Өмүрбек Текебаев мыйзамдарды жакшы билет, түшүнөт. Ал киши толук акталууну көздөп жатат. Эгерде Текебаев ырайым сурап кайрылса, президент ырайым берсе, анда соттуулугу жоюлбай калат.

Ал эми Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Баш мыйзамдагы президенттин ыйгарым укуктарына токтолуп, өлкө башчы эч кандай кайрылуу жок эле соттолгондорго ырайым берүүгө укугу бар экенин белгиледи.

-Конституцияда Кыргыз Республикасынын президенттинин ыйгарым укуктарында өзгөчө белгиленип ырайым бере алат, берүүгө укуктуу деп жазылып турат. Ал жерде президентке кайрылуу керек, кайрылмайынча бере албайт деген чектөө жок. Ал эми президенттин аппараты кайрылсын деген адатты киргизип койгон. А практикада кайрылбаган учурда ырайым берилген учур бар. Маселен, Аскар Акаев Топчубек Тургунбаевге ырайым берген.

Мыйзамда ырайым берүү үчүн бир эле учурда соттолгондор кайрылууга тийиш. Бул тууралуу юрист Канатбек Азиз билдирди.

Анын маалыматында, өмүр бою эркинен ажыратылгандар өздөрү ырайым сурап сунуш киргизүүсү керек.

-Ырайым сурап кайрылгандардын үч мүмкүнчүлүгү бар. Жаза мөөнөтүн кыскартуу, режимин алмаштыруу жана толугу менен бошотуу маселеси. Мыйзамда ырайым берүү үчүн сөзсүз соттолгон адам кайрылсын деген ченем каралган эмес. Мамлекет башчы өзү демилге көтөрүп, ошол адамдын мамлекетке кылган эмгеги жана башка жумуштарына карап ырайымды бериши керек.

Белгилей кетсек, ырайым кылуу укугу – дүйнөнүн дээрлик баардык өлкөлөрүндө мамлекет башчыларынын негизги конституциялык ыйгарым укуктарынын бири. Ырайым кылуу ишараты соттолуучуну жаза тартуудан толук же жарым-жартылай бошотууда же сот тарабынан белгиленген жазаны бир кыйла жумшагыраагы менен алмаштырууда турат.

Copyright © 2017 Maral FM