Биз менен байланышыңыз

Депутаттар өкмөттүн таза суу долбоорун сындады

Коом | 24 Дек 2018 | 906 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө парламенттин протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу маселени карады. Азыркы тапта республика аймагында 653 айыл таза суу менен камсыздала электиги белгилүү болду.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө»өкмөткө коюлган тапшырманын аткарылышы тууралуу маселе каралды.

Жыйында калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча тиешелүү мекеме жетекчилер баяндама жасашты.

Берилген маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө республика аймагында 653 айыл таза суу менен камсыздала элек. Алардын ичинен 390 айылда СССР мезгилинен бери таза суу курулмалары салынган эмес. Ал эми 263 айылдагы таза суу жабдуулары 1970-жылга чейин курулган.

Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, 2018-жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу таза суу курулмалары менен камсыздоого 250 млн сом каралган. Мындан сырткары, жер-жерлерге таза суу чыгаруу үчүн “Ала-Тоо булагы” программасы ишке кирип,  ага Дүйнөлүк банк 71,2 млн АКШ долларлык карыз берди.

Ошондой эле Кыргызстандагы таза суу маселесинин чечилиши үчүн Ислам өнүктүрүү банкы 23 млн АКШ долларын, Азия өнүктүрүү банкы 25,7 млн АКШ долларын, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы 100 млн евро бөлүү чечимдерин кабыл алышкан. Быйыл президенттин Кытайга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында таза суу долбоорлоруна 100 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Аскарбек Токтошев калкты таза суу менен камсыздоо тоскоол болгон көйгөйлөрдү атады. Жер тилкелерин трасформациялоо, курулуш иштеринин сметалык-долбоорлоо иш кагаздарын тиешелүү мекемелер менен макулдашуу дагы көп убакытты талап кылып келет. Башка бир катар маселелер айылдарды таза суу менен камсыздоодогу башкы көйгөйлөр болууда.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин стат-катчысы Самат Бөрүбаев жаңы түшкөн курулуштарды суу менен камсыздоого көзөмөл жүргүзүлүп жатканын айтты.

-Бүгүнкү күндө курулуп жаткан объектилерге сууну киргизүү маселелерин карап жатабыз. Ал долбоорлор убагында эле эске алынууда. Биз тараптан суу менен камсыздоо көзөмөлдөнүп жатат.

Талкууда комитет мүчөлөрү аталган департамент таза суу менен камсыздоодо баштаган иштеринин аягы жоктугун, жыйынтыкталбаган обьектилер көп экенин сынга алышты.

Депутат Абылкайыр Узакбаев айылды таза суу менен камсыздоодо, саркынды сууларды кетирүүнү кошо пландоону сунуш кылды.

-Негиз сууну киргизип алгандан кийин саркынды сууларды кайда чыгаруу маселеси чыгып жатат. Долбоорлорду түзгөндө саркынды сууларды кайда кетирүү боюнча каралышы керек. Анткени алгачкы айылдарга сууну киргизген да аталган маселе чыгып жатат. Бул тиешелүү департаменттин колунан келбейт экен. Кыскасы директору ар бир жетекчинин ортосунда тил уккан адам болуп калат. Ошентип жумуш аягына чыкпайт.

Комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров айылдарды таза суу менен камсыздоо маселеси эмне себептен улам созулуп, чечилбей келаткандыгына токтолду. Анын айтымында, тиешелүү департамент коюлган милдеттерди аткара ала тургандай макамга ээ эмес. 2023-жылга чейин бардык айылдар таза суу менен камсыз болот деген сөздөр айтылып жүрөт.

Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев өрт өчүрүүчүлөрдөй эле иштеп жатат. Кайсы айылда таза суу жок болсо ошол жерге барасыз, бирок маселе чечилбейт. 2023-жылга чейин бардык айылды кантип таза суу менен камсыз кылабыз? Убада бергенден жыйынтык чыкпайт. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматын жетишсиз деп таап, департаменттин директору Аскарбек Токтошевдин кызмат ордун кароону сунуштайм.

Мындай пикирди улаган бир катар депутаттар бул департаментти өзүнчө түзүм кылып, ыйгарым укуктуу орган катары түзүү зарылдыгын баса белгилешти. Антпесе, бүгүнкү күндөгүдөй ыйгарым укуктары менен республика аймагындагы таза суу көйгөйү чечилбейт.

Жыйынтыгында, таза суу боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматын эске алуу чечими кабыл алынып, өкмөткө бир катар тапшырмалар белгиленди. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча 31-январда «Өкмөттүк саат» болмокчу.

Copyright © 2017 Maral FM