Биз менен байланышыңыз

Бизнес үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөр аталды. Кыргызстан 108-орунда

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 1353 | 0

Forbes журналы дүйнө мамлекеттеринин бизнес үчүн шарттарын жана ыңгайын иликтеп, тизмесин жарыялады. Ага ылайык биринчи орунда Улуу Британия экени маалым болду. Евробиримдиктен чыгуу-чыкпоо маселеси курчуп турганына карабай аталган өлкө  эмгек ресурсунун кубаттуулугу, бюрократиянын жоктугу жана инновациялык шарты менен экинчи ирет алдыга озуп чыкты. Улуу Британияда ИДП киши башына 39 700 доллардан туура келет. Ал эми экинчи орунда Швеция (53 400 доллар) жана үчүнчүдө Гонконг (46 200доллар) турат.

Алдыңкы ондукка Нидерланды, Жаңы Зеландия, Канада, Дания, Сингапур, Австралия жана Швейцария киришкен.

Ал эми Кыргызстан аталган тизмеде 108-орунда турат. Бул көрсөткүчкө өлкөдөгү оор инвестициялык климат, административдик ачык-айкындуулуктун жоктугу жана канадалык компания (Центерра голд) менен болгон юридикалык күрөш таасир эткени айтылат.

Коңшу Казакстан тизмеде 65-орунда, Өзбекстан болсо 105-орунда болсо, Орусия 55-болуп кирген.

Кошумчалай кетсек, иликтөө 161 өлкөнү камтып, эң төмөнкү көрсөткүч африкалык мамлекеттерге тиешелүү болгон.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM