Биз менен байланышыңыз

УКМК кытай жарандары тууралуу чагымчыл маалыматтарды текшерүүдө

Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 1213 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстанда кытай жарандарынын укук бузган иш-аракети боюнча интернет мейкиндигиндеги талкуу, билдирүүлөрдү текшерүүдө.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, чагымчыл кабарларды жайылткан бир катар адамдар аныкталды, алардын айрымдары өздөрүнүн кылган иштерин мойнуна алып, өкүнгөндөрүн билдиришкен.

Жайылтылган материалдардын арасында 2015 жылы Казакстанда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн алты жашар кыздын тартылган видеосу дагы бар. Бул иш боюнча күнөөлүлөр кармалып, соттолгон. УКМК ушундай мыйзамсыз иш аракеттерге курал болуп, кылмыштуу күчтөргө көмөкчү болбоого чакырат.

Кошумчаласак, буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы быйыл Кыргызстандын аймагына 35 миң  215 кытай жараны кирип, 34 миң 436сы чыгып кеткенин жарыялаган.

 Кытайлык боордоштор ата журтунан колдоо күтүүдө

Copyright © 2017 Maral FM