Биз менен байланышыңыз

 Кытайлык боордоштор ата журтунан колдоо күтүүдө

Коом | 30 Ноя 2018 | 4192 | 0

Кытайда 50 миңге чукул этникалык кыргызды «саясий кайра тарбиялоо» лагерлерине алып киришкени тууралуу жергиликтүү жана эл аралык маалымат айдыңында кызуу сөз жүрүп жаткан учуру. Анда аларга комунисттик партиянын идеологиясын, атеисттик принциптерди жана кытай тили менен маданиятын жаттатып, иш жүзүнө ашырууну үйрөтүп жатышканы айтылууда. Кыргызстанда жашаган ондогон кытайлык кыргыз абал боюнча кыргыз коомчулугун жакындан кабардар кылуу максатында маалымат жыйынын өткөрүшкөн.

Окууга келип ортодо калган жаштар

Султан Жасын, Мырзалы Жасын, Тургуналы Жасын, Мамет Жасын, Жакып Жасын, Канышай Иса кызы жана мени төрөгөн Маржан Жасын… Мен алардын кабарын эки айдан бери биле албай келем…

Камактагы бир туугандарынын жана апасынын атын атап жатып үнү буулуп, көзүнө жаш тегеренген Иса уулу Сейитбек Кыргызстандагы университеттердин биринде окучу. Бирок каржылаган үй-бүлөсүнүн баары саясий лагерге киргенден кийин каржы маселесинен улам окуусун таштап, кара жанын багуунун айласына түшкөн. Бир жактан үйүндө жалгыз калган мектеп жашындагы карындашынын абалын биле албай, же камактагылардын өлүү-тирүүсүнөн кабарсыз эки оттун арасында жүргөн чагы. Башка тууган-уругу менен кабарлашуу мүмкүн эмес. Анткени чет элден келген бир чалуу же билдирүү аталган камактарга солонуп кетүүгө жетиштүү себеп болгон үчүн үй-бүлөсүндөгүлөр аны менен байланышты үзгөн.

Бизге чалба, сураныч. Бул жактагылардын баарына коркунуч жаратасың. Эптеп күнүңдү көрүп, окууңду улантып тур”,- деп чалган бойдон апасынын же башкалардын дайынын таппай калган Аалы Сүйүналы уулу Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуйт.

Атам камалганын билгенден кийин үйүмдөгүлөр да кабарлашпай калышты. Анткени менин сыртта экенимди билсе чакыртып, мен бармайынча үйдөгүлөрдү тынч коюшмак эмес. Баары телефон номурларын өзгөртүп коюшту, менин номурумду кара тизмеге киргизип, жадагалса We chat мессенжеринде да мени чектеп коюшкан болчу. Азыр алар үйдөбү же камактабы билбейм”,-деп кейиди Аалы.

Атасы Сүйүналы уулун тарыхый ата журтуна билим алууга жиберип, бирок өзү аталган жайга камалып кетти. Бир заматта эч кимиси жок калган Аалы окуу жайынын жатаканасында жашап, бошой калса ар түрдүү кара жумуштарды жасап, өз жанын багып жүргөн чагы.

Окуйм деп келип курчуп кеткен жагдайдан улам үй-бүлөсүнө кайта албай же алардын кабарын да биле албай ортодо калган студенттердин саны ондоп саналат.

Эки жыл мурда кытайлык кыргыз студенттердин саны жүздөн ашчу. Жайкы эс алууга кеткен бойдон кайтпай калгандар же жакындары камалып, “сен келсең чыгарабыз” деген чалуудан улам барып, ошол бойдон өзү да дайынсыз кеткен жаштар четтен саналат.

Түпсүз үмүт менен атасын күткөн балдар

Арасында Кыргызстанда иштеп жүрүп, үй-бүлө кутүп, чакыруудан улам кеткен бойдон кайтпай калышкандары да жок эмес. Артта калган жубайы жана балдары колунан эч нерсе келбей, түпсүз үмүт менен гана күтүшүүдө. Алардын бири Асила Алымкулова.

Мен Кыргызстандын жаранымын. Ортодо бир уулубуз бар. Жолдошум жыл сайын Кытайга бир жолу кирип чыкчу. Акыркы жолу 2016-жылы кирген бойдон чыга албай калды. Ал жакта абал өтө оор экенин айтып, чек арадан өтө албай бир жыл кабарлашып турду. Былтыр 1-октябрда акыркы жолу сүйлөштүк. “Эгер чыга албай калсам күткүлө” деген бойдон дайынсыз. Жарым жылдан кийин Кытайдан келген бирөө анын лагерге киргенин айтты”.

Ушундай эле тагдырга дуушар болгон бир нече кыргыз аял балдары менен эки жылдан бери дайынсыз кеткен күйөөлөрүн күтүп, үмүтү өчпөй отурган чактары.

“Жашасаң кытай болуп жаша, болбосо жок бол!”

Мындай камоолор эки жыл мурун эле башталганына карабай коомчулукта быйыл гана ачыкка чыга баштады. Анткени бул жакта жакындарынын чыгышынан үмүт кылып кутүшүп, бир жагынан бул тууралуу ооз ачуу Кытайдагы жакындарынын, жадагалса өздөрүнүн да коопсуздугун тобокелге салары бышык болчу. Учурда кыргыз жараны, бир туугандары Кытайда камалган Алмамбет Осмон уулу аталган лагерлерди «кансыз геноцид» деп баалады. Анткени анда кытайдан башка улуттардын өзүнө мүнөздүү касиетин жок кылып, аргындаштыруу саясаты жүрүп жатат. “Жашасаң кытай болуп жаша, болбосо жок бол” деген кооптуу саясаттын кесепети Кыргызстандагы туугандарына тиеринен кооптонгон ал, кыргыз төбөлдөрүнөн маселеге көңүл буруусун суранды.

Бул аябай опурталдуу маселе. Биздин Кытайга карата жаман оюбуз, кара ниетибиз жок. Болгону адам баласы катары укуктарыбызды коргоону талап кылабыз. Эң төмөнкү укугубузга чейин тебеленип жатат. Камалган жакындарыбыз тууралуу ачык айтып чыгуудан кооптонуп жаттык. Чынында эле коркунуч жок эмес. Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрүнөн, укук коргоочулардан жана жетекчилерден ушул жердеги бир ууч балдардын коопсуздугуна дыкат көңүл бурууңуздарды суранабыз”.

Ошондой эле Алмамбет Осмон уулу бир катар кытайлык кыргыз агартуучуларынын, маданият кызматкерлеринин атын атап, алардын да бейкүнөө камалганын эскерди.

Кыргызстан эмне кыла алат?

Бул иш боюнча Кыргызстан үн катуусу керек. Мындай пикирин билдирген эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов мунун жол-жобосун  мындайча түшүндүрдү:

Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги бар да. Алар Кытайдагы тийиштүү органдар менен байланышып, айтылып жаткан маалыматтардын чын-төгүнүн тактоосу зарыл. Андан кийин бул маселе далилденсе Кыргызстан Тышкы иштер министрлик аркылуу ачык кат же нота жиберип, маселени чечиши керек. Эгер чын болсо батырак чара көрүлүүсү зарыл”.

Ушундай эле жагдайга этникалык казактар да дуушар болгону маалым болгондон кийин казак бийлиги Пекинге нота жиберип, абалды түшүндүрүүнү талап кылган. Казак коомчулугунун да жигердүү аракетинин натыйжасында ондогон этникалык казак кутулуп чыгып, мекенине келгендери да болду. Ал эми биздин Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда бул маселе такталып жаткандыгына байланыштуу эч кандай комментарий бере албай турганын билдиришти. Ал эми Жогорку Кенештин депутаты Абдувахап Нурбаев буларга токтолду:

Биздин комитет Жогорку Кеңеште жабык эшик артында бул маселени карадык. УКМК жана Тышкы иштер министрлиги да келип, маалыматтарды беришти. Аларга тийиштүү тапшырмалар берилди. Учурда маселе тиешелүү деңгээлде каралып жатат”.

Кошумчалай кетсек, Кытайдагы Кызыл-суу кыргыз автономиялык аймагында жана башка жерлерде жалпысынан 202 миңден ашуун кыргыз жашайт. 2016-жылга чейин кыргыздарга карата катаал мамиле байкалган эмес. 2016-жылы Тибеттен которулган губернатор Чен Цзянь Гуонун келиши менен аймакта “кытайлаштыруу” саясаты башталган. Эл аралык уюмдардын маалыматына таянсак, Шинжаң боюнча 160тан ашуун лагерде камалгандардын саны бир миллиондон ашат.

Кытай бийлиги бул камактарды “окутуу борборлору” деп атап, адам укугун коргоо боюнча БУУ баш болгон эл аралык коомчулукту ички ишине кийлигишпөөгө чакырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM