Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Энелерди операция жолу менен төрөтүү азайды

Пикирлер | 24 Дек 2018 | 721 | 0

Мурда энелерди операция жолу менен төрөтүү 38% болсо, азыр бул көрсөткүч 18 пайызга түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эне жана баланын өлүмүнүн себебинин алгачкы көрсөткүчү — баштапкы медициналык жардамдын алсыздыгы.

«Энелер балдарды таштап кетүүдө. Алсак, Орусиядан 7 бала келди, эми аларды балдар үйүнө өткөрүп беребиз. Эми анонимдүү бокс төрөт үйлөрүн ачалы деп жатабыз. Энелер балдарын ошол жакка таштаса биз карап алабыз. Себеби ымыркай кышында суукта калса, 2 саатта чарчап калат. Андан сырткары жарандар төрөттө мыйзамсыз акча сураган дарыгерлерди бизге жазып берсе чара көрөбүз. Учурда ооруканалардагы кезектерди көзөмөлдөп жатабыз. Медициналык мекемелерде кошумча бөлмөлөр ачылды», — дейт Каратаев.

Ал буга кошумча, ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын арасында эмгекке жарамдуу адамдар кездешип жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM