Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кеп Конституцияда эмес, аны бузган адамдарда

Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 917 | 0

Азыркы учурда Баш мыйзамды өзгөртүүнүн зарылдыгы жок. Мындай пикирин  президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган илимий конференцияда билдирди.

Анда мамлекет башчы 25 жыл ичинде Конституция 10 жолу өзгөргөнүн эске салды. Өнүгүү үчүн азыркы Баш мыйзамдагы мейкиндик деле жетиштүү экенин айтып, учурда ага өзгөртүү киргизүүдөн да маанилүү маселелерди санады.

-Азыр өтө кечиктирилгис көйгөй катары мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүнү, бизнеске жакшы шарт түзүп, түз инвестицияларды көбөйтүүнү атасам болот. Ошол эле коррупция менен күрөшүү — конституциялык өзгөртүүлөрдү күтүп олтурбайт. Аймактарды өнүктүрүү, административдик-территориялык реформа — азыркы Конституциянын алкагындагы мыйзамдарга муктаж, — деди президент.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү ушул эле конституциялык мейкиндикте ыкчам иштөөнү талап кыларын эскертти.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жылы шайланып келе турган парламенттин деле толук укугу жана жетиштүү убактысы болорун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM