Биз менен байланышыңыз

Кубан Абдымен: президент Жээнбековдун маалымат жыйыны ачык-айрым өттү

Күн чекит | 20 Дек 2018 | 760 | 0

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысынын кызматына киришкенден берки биринчи отчеттук маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал өткөн бир жылдыкта жасалган иштер, көйгөйлөр жана урунттуу кырдаалдарга токтолду. 3.5 саат бою ар түрдүү саясий көз караштагы маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп берген Жээнбеков алдыдагы жылга карата пландары тууралуу да ой бөлүштү.

Маалымат жыйындын мурдагылардан өзгөчөлүгү, президенттин жоопторунун канчалык денгээлде ачык-айкындыгы жана берилген суроолордун маани-маңызы тууралуу медиа эксперт Кубан Абдымен менен «Күн чекит» программасынын алкагында маек курдук.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйынынын кандай өзгөчөлүктөрүн байкадыңыз? 

Кубан Абдымен: Биринчиден, көнүмүш иш болбогон үчүн президент бир аз ыңгайсызданды окшойт. Экинчиден беррилген суроолорго болушунча так, анан ачык-айрым жооп бергенге аракет кылып жатты. Ар бир журналистти атынан атаганы жана мурункуларга окшоп саясий позицияларына карап ылгабастан, бардык медиа өкүлдөрүнө суроо берүүгө мүмкүнчүлүк бергени да өзгөчө болду.

Жыйындын башында берилген суроолор маанилүү, кызыктуу болсо, кийинки суроолор мурдагы президенттерге берилгендей майда, деталдуу болушту.

Марал: Сиздин оюңузча президент жетиштүү ачык боло алдыбы?

Кубан Абдымен: Менимче болушунча ачык-айрым болгонго аракет кылды. Өзүнүн бир туугандары, командасындагы кадрлары жана атаандаштары тууралуу суроолорго токтолуп, ачыктап берип жатты. Кээ бир суроолор кайталанганына карабай, экинчи кез кайталап, тушүнбөй калгандар үчун мүмкүнчүлук жаратып берди..

Марал: Айрым көтөрүлгөн маселелерге кабарынын жоктугун айтып, аттап өткөнү, анын өлкөдөгү көйгөйлөрдөн узактыгын билдирбейби? Же бул мыйзам ченемдүү көрүнүшпү?

Кубан Абдымен: Ооба, кээ бир суроолорду тактап, кийин жооп берем деп, дептерине жазып алганы байкалып жатты. Бирок муну көйгөй катары кароо туура эмес болот, себеби бир жетекчи мамлекеттеги ар бир маселеден кабардар болуусу мүмкүн эмес.

Марал: Суроолорго келсек, журналисттер өлкөдөгү актуалдуу маселелерди жетиштүү чагылдырып бере алыштыбы?

Кубан Абдымен: 100% чагылдырды деп айта албайм, балким 80% жетиштүү болду. Анткени кээ бир суроолор президенттин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча берилип жатканы журналисттердин мамлекеттин ичиндеги иштерден анча кабары жоктугун билдирип турат. Ошону менен бирге эле бул жолу алыскы аймактардан келген журналисттердин да өз демилгелерин билдиргени кубандырат. Ошол эле учурда алардын берген суроолору республикалык эмес, региондук денгээлде болгону кайра эле аймактардагы журналистиканын денгээлинин көтөрүлө электигин айтып турат.

Марал: Басымдуу суроолор айрым саясий фигуралардын тегерегинде болуп жатканы алардын өз саясаттарын жүргүзүп жаткандай таасир калтырбадыбы? Кыргыз журналистикасы ашкере саясатташып кеткен жокпу?

Кубан Абдымен: Чынында эле айрым медиа өкүлдөрү өз саясатчыларынын кызыкчылыгына ылайык суроолорду берүү менен саясат жасашты. Маселен, НТС Бабановдун иши тууралуу бергени сыяктуу. Ошондой эле, Райым Матраимов, Өмүрбек Текебаев жана президенттин жакындары тууралуу суроолор кайталанып жатканы да журналисттердин саясатка ыктаганын көрсөтөт.

Марал: Президенттин отчеттук жыйынынан кийин анын бир жылдык ишмердиги тууралуу кандай тыянак чыгардыңыз?

Кубан Абдымен: Мамлекет башчы эки нерсеге басым жасап айтты. Коррупцияны жок кылуу жана аймактарды өнүктүрүү программасын токтотпостон, беш жылдык президенттик мөөнөтүндө улантаарын убадалады. Бул максатына жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонорун айтты. Бул анын комплекстүү кадамдар менен өнүгүүгө аракет кылганын билдирет десек болот.

Copyright © 2017 Maral FM