Биз менен байланышыңыз

Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары маянасын ала албай жатышат

Коом | 19 Дек 2018 | 670 | 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында эки күндөн бери тынчтык митинги өтүп жатат. Нааразычылык акцияда Балыкчы-Корумду жолун куруучулар 3 айдан берки айлык маянасын алалбай келгендиги менен жүйө келтирүүдө.

Балыкчы-Корумду жолунун иштеген Тилек Узаков эки күндөн бери кесиптештери менен нааразычылык акциясына чыгы жатат. Анткени үстүбүздөгү жылдын августтан- октябрь айынана чейин 250гө жакын жол куруучулар маянасын алалбай келишкен. Акыры созулуп бараткан соӊ, митингге чыгууга аргасыз болдук деген оюн инженер мындайча айтып берди.

Биз 18-октябрдан бери митиннге чыгып жатыбыз. Бул боюнча облустук, райондук жетекчилер келип маалымат алганында «Лонг Хайдын» кызматкерлери алардын көзүнчө акчаларын таратып беребиз деп убадалап кетишкен. Бүгүн барыбыз кайрадан чогулдук, акчадан дайын жок. Мына жаӊы жыл жакындап калды, көпчүлүгүндө насыя бар, ал тургай мектептин, электр жарыктын акчасын төлөй албай калдык. Барыбыз иштеп акчабызды алабыз деп ишенип келдик да. Эми айлыгыбыз чечилсе калганын көрө жатабыз.

Жол куруучулар уюштурган митинг бул биринчи көрүнүш эмес. Себеби буга чейин да эмгек маянанын айлап кармалуусу катталып келген. Бул боюнча андагы башкы инженердин орун басары Эркинбек Бейшембиев белгилеп, жамааттын курамы ноябрь айынан тарта ишин токтотту,- деди ал.

-Ноябрдан баштап эл нааразы болуп ишти бүгүнкү күнгө чейин токтотуп отурат. Эмгек акынын айынан масы да, соосу да нааразычылыгын билдирип чогулуп ызылдак болуп жатат. Бишкекке башкы эсепчибиз кеткен. Ал жакта кытайлар өкмөттөн акча ала элекпиз деген жооп кайтарды. Азыркы тапта эл жумушчу унааларды жүктөп кетебиз деп жатат.

Тагыраак айтканда Балыкчы Корумду жолун куруп жаткан Кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жумушчуларга ай сайын 50 миӊден 25 миӊ сомго чейин акча каражаты төлөчү. Андыктан нааразы болгондордун маселесин облустук, райондук жетекчилик жана башка жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери чечип берүүнү убадалашкан. Бирок, күткөн каражат бүгүн да колго тийбей, эми кайрадан тактоо иштери жүрө тургандыгын район акими Данир Иманалиев билдирди.

-Транспрт жана жолдор министрлиги кытайлык компанияга акча которду деген маалымат чыкты. Ага ылайык, акча берилиш керек эле деп кайрадан эл чогулду. Азырынча “Лонг Хай”дын өкүлдөрү келе элек. Бишкекке барып бул маселени тактоо керек.

Жумушчулардын акчасын 3 айлап создуктуруп келген кытайлык компанияга кайрылып маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми акчанын өз убагында которулбай кармалып келген жүйөсү тууралуу транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетов төмөндөгүдөй айтып берди.

-Кытайлык “Лонг Хай” деген корпорациясы подряддык мекемелерге акча карыз болуп калыптыр. Натыйжада сотко берилип, эсептик счеттору камакка алыныптыр. Транспорт министрлиги ушундан улам акча которо албай келди. Кечээ 18-ноябрда счеттор ачылып, 144,2 миллион сом акча котордук. Эми алар жумушчулардын айлыгын беребиз деген убадасы бар.

Маалымдай кетсек, Ысык-Көлдүн айлампасына кирген Балыкчы –Корумду жолу 104 км түзсө, 2016-жылдан бери анын 74 чакырымы курулуп бүткөн. Акыркы 2 айдан бери жумушчулар ишин токтоткондугуна байланыштуу калган 30 чакырымы бүткөрүлбөй турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM