Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Менин Айтматовум» аттуу көргөзмө өтүүдө

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 605 | 0

Бишкекте таланттуу айкелчи Тамила Маматованын “Менин Айтматовум” аттуу VII скульптура көргөзмөсү өтүүдө.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, көргөзмө Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде өтүп жатат. Ал “Реализм” стилинде болуп, кыркка жакын чыгармалар көрсөтүлүүдө.

Көргөзмөдө эмгектердин негизги багытын Айтматов жана анын чыгармалары түзөт. Айкелчи өзүнүн скульптураларында ар түрдүү материалдарды колдонгон. Көргөзмө 28-декабрга чейин уланат.

Эске сала кетсек, Тамила Маматова 2007-жылдан тарта 6 көргөзмө уюштурган. “Кеч”, “Айкөл Манас”, “Афродита”, “Сүйүп калган” жана “Көөкөр” аттуу симпозиумдары Италия, Түркия, Казакстан жана Кыргызстанда тартууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM