Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети шаардык кеңештердин көйгөйлөрүн угат

Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 479 | 0

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети 18-декабрда көчмө жыйын өткөрөт. Парламенттин расмий сайтына маалымдалгандай, жыйында мамлекеттик органдардын кээ бир шаардык кеңештер менен кызматташуусундагы көйгөйлөр талкууланат.

Көчмө жыйынга Нарын, Баткен, Балыкчы жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттары жана кээ бир мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

Жыйын Кой-Таш айылындагы “Жаннат” мейманканасында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM