Биз менен байланышыңыз

Жол кырсыгынан 5 адам каза болду

Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 928 | 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында жол кырсыгы катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан 5 адам каза болду. Дагы 3 адам ооруканага жеткирилген.

аталган жолдо Фольксваген Пассат унаасы менен Тойота Ипсум унаасы сүзүшүп, Фольксваген Пассат унаасы өрттөнүп кеткен.

Чыгыш тарапка бара жаткан Тойота Ипсум унаасында 7 адам, экинчи унаада айдоочу гана болгону айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жабыркаган адамдар «Тез жардам» кызматынын унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгону да кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM