Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 663 | 0

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 18-декабрда Кыргызстанга келет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында 2018-жылдын 18-декабрында Ош шаарында эки өлкөнүн чек арага жакын облустарынын башчыларынын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин экинчи отуруму өтөт.

Эки өлкөнүн чек аралаш облустарынын башчыларынын Кеңешинин биринчи отуруму ушул жылдын март айынын аягында Ферганада өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM