Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы жыйынтыкталды

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 519 | 0

Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын 8-эл аралык фестивалы жыйынтыкталды. Аталган фестивалга КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн тасма жаратуучулары катышкан. Эл аралык сынактын жыйынтыгы боюнча молдовалык режиссёр Евгений Дудчактын «Миллиард» тасмасы мыкты деп табылган. «Мыкты режиссура» наамын өзбекстандык Шокир Холиковдун «Чай» тасмасы жеңип кеткен. Калыстардын атайын сыйлыгына эстониялык режиссёр Руано Полмандын «Муза» тасмасы ээ болгон.

Ал эми улуттук сынактын жыйынтыгына ылайык, Караш Жанышовдун «Кош бол» тасмасы мыкты деп табылса, мыкты режиссура сыйлыгы Ибадылла Ажибаевдин «Мугалим» тасмасына ыйгарылган. Калыстардын атайын сыйлыгын Бектемир Пратовдун тасмасына тапшырылган.

Кинофестиваль 2011-жылы кинорежиссёр, продюсер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Фестиваль жыл сайын 12-декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө башталып, ага даректүү жана анимациялык тасмалар катыша алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM