Биз менен байланышыңыз

Ошто азан айтуу боюнча сынак жыйынтыкталды

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 777 | 0

Кечээ, 15-декабрь күнү Ош шаарында азан айтуу боюнча облустук сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакта Ош облусунун райондорунан жана Ош шаарынан тандалган 32 катышуучу ат салышты. Жыйынтыгында 1-орунду Кара-Суу районунун тургуну Нурбек Орунбаев, 2-орунду Ноокат районунун тургуну Толкунбек Камбаров, 3-орунду Ош шаарынын тургуну Санатбек Сулайманов жеңип алды. Жеңүүчүлөр баалуу телефон, планшеттер жана кийинки жылы Бишкек шаарында өтүүчү республикалык азан айтуу боюнча сынакка жолдомо алышты.

Иш-чарага «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, белгилүү диний аалым Садыбакас Доолов, ырчы Турдакун Ниязалиев, төкмө акын Идрис Айитбаев катышып, акыл-насааттарын айтып өтүштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM