Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк «Digital CASA» долбоорун каржылайт

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 520 | 0

Дүйнөлүк банк «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Анын маалыматында, каражаттын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат.

Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Долбоор 4 компоненттен турат: (1) Телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү; (2) Санариптик платформаларды жана «акылдуу» чечимдерди өнүктүрүү; (3) Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жана институционалдык өнүктүрүү; (4) Программаларды башкаруу жана санариптик лидерликти өнүктүрүү.

Эске салсак, «Digital CASA» долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштайт, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM