Биз менен байланышыңыз

Президент Калиловду кызматынан бошотту

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 722 | 0

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарыкка ылайык, Калилов Жамшитбектин кызматынан кетүүсү кабыл алынып жана ал Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президент аппараотынан билдиришти.

14-декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Калиловдун дагы деле кызматты тапшырбай отурганын сындап, аны тергөө иши бүткөнгө чейин кызматынан узакташтырууну премьер-министрге тапшырган болчу.

Бирок Калилов 15-декабрда өз ыктыяры менен кетүүнү чечип, арыз бергенин билдирди. Анын арызын кабыл алууну өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев президентке сунуштады.

Эске салсак, 5-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев ири көлөмдөгү пара менен кармалган. Ал жол куруу жана оңдоо боюнча тендердик комиссиянын төрагасы болуп, чет элдик компанияга тендерди өткөрүп берүү үчүн 520 миң доллар өлчөмүндөгү пара алууга макулдашкан. Министр өзү орун басарынын бул ишинен кабары жоктугун айтканы менен коомчулук жана саясатчылар анын жоопкерчилигин кароону талап кылып келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM