Биз менен байланышыңыз

Тарых музейи 2019-жылы ачылат

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 765 | 0

Тарых музейинин ачылышы 2019-жылдын алгачкы айларына пландалууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, козголгон кылмыш иштеринин айынан жабдыктарды алып келүү убактылуу токтотулган. Музейдин ачылышын укук коргоо органдары менен бирге иштеп чыгуу керек.

«Музей жаңырган жылдын январь же февраль айында ачылат. Бул маселе көзөмөлдө», деди ал.

Ал кошумчалагандай, музейге баардык мүлк-шаймандар коюла элек.

Эске салсак, музейдин имаратын кабылына келтирүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражат мыйзамсыз түрдө пайдаланылган деген айып менен кылмыш иши козголгон. Анда мамлекетке келтирилиген жалпы чыгым 118 миллион 215 миң 200 сомду түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM