Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жаңы жылдык балаты жанды

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 708 | 0

Кечээ, 15-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында жаңы жылдык балаты майрамынын расмий ачылышы болду. Анда жаңы жылдык балаты салтанаттуу азем менен жандырылды.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошевшаар тургундарын кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты. Салтанат концерттик программа менен уланып, жаштар үчүн дискотека уюштурулду.

Быйыл мэрия шаар тургундарына эстетикалык рахат тартуулоо максатында шаардагы майрамдык жасалгаларга өзгөчө маани берген. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM