Биз менен байланышыңыз

Дарья Маслова турмушка чыкты

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 611 | 0

Жеңил атлетика боюнча Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова турмушка чыкты. Ал 13-декабрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

23 жаштагы спортчунун жолдошу — Александр Бакалов.

Эске салсак, кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Индонезияда өткөн Азия оюндарында  кыздар арасында 5000 метрге чуркоодо экинчи келип, күмүш медалга ээ болгон. Ал эми 10 миң метр аралыкка чуркоодо биринчи келип, алтын медаль алган.

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Маслованы 2018- жылдын  «Жылдын мыкты спортчусу» деп тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM