Биз менен байланышыңыз

Вьетнамда селден 5 киши каза болду

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 474 | 0

Вьетнамдын ортоңку бөлүгүндө болгон селде 5 киши каза болду. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазып чыкты.

Табигый апаатты алдына алуу жана текшерүү борборунан берилген маалыматта Куанг Три, Туан Тхиен Хюэ, Куанг Нам, Куанг Нгай жана  Бинь Динь шаарларында жуманын акырынан бери болуп келе жаткан селде 4 кишинин да жоголгондугу билдирилди.

Селде 23 миңден ашуун үйдүн зыян тарткандыгы, селге кабылган 62 миң бодо мал жана канаттуунун жок болгондугу белгиленди. Вьетнамда жылдын биринчи 11 айында болгон тайфун, сел жана жер көчкүлөрдө 189 кишинин каза болгондугу жана жоголгондугу, 140 кишинин жаралангандыгы белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM