Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда ун тартыштыгы уланууда

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 459 | 0

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда ун тартыштыгы уланууда. Бул тууралуу түркмөн жергиликтүү маалымат булактары жазууда. Ага ылайык, аймактагы мамлекеттик дүкөндөргө жумалап ун жеткирилбей, жеке соода жайларда болсо баалар өсүүдө.

Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, облус борборундагы мамлекеттик азык-түлүк дүкөнү өткөн жума бою жабык болду.

Учурда мамлекеттик дүкөндөрдө бир килограмм ундун баасы 2 манат, нандыкы 1 манат. Бир манат  41 сомго барабар.  Базарлар менен жеке дүкөндөрдө баалар бир нече эсеге жогору.

Күн мурун облустагы мамлекеттик дүкөндөрдө ун сатуунун көлөмү азайтылгандыгы кабарланган. Түркмөн бийлиги өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы бар экенин расмий моюнуна албай келет. Ошол эле маалда мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында кезекте тургандарга көзөмөл жүргүзүп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM