Биз менен байланышыңыз

Бишкектин депутаттары 800 миң сомго жаңы жылдык белектерди сатып алышат

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 496 | 0

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жаңы жылдык белектерди 800 миң сомго сатып алышат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.

Порталга жарыяланган маалыматка ылайык, тендерди мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгы жарыялаган. Анда 1000 белек сатып алуу пландалган.

Таттуулар Орусия, Украина жана Европадан жасалган болушу керек. Белектин курамында шоколад менен капталбаган печенье жана вафли болбошу керек.

Ошондой эле, белектин курамында карамель, жемиштер жана цитрус өсүмдүктөрү болбошу шарт. Мындан тышкары кофеттин бир түрү 3 даанадан көп болбошу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM