Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө жылдын мыкты таэквондисттери аныкталды

Кыска кабар | 16 Дек 2018 | 451 | 0

Кыргызстанда 2018-жылдын мыкты таэквондисттери аныкталды. Бул тууралуу таэквондо ITF федерациясынын президенти Виталий Олейниченко билдирди.

Маалыматка ылайык, эркектер арасында эң мыкты таэквондист Чыңгыз Култашев аталды. Ал Бишкекте өткөн Азия чемпионатында 2 алтын медаль утуп алган. Аялдар арасында Нигорахан Сидикова эң мыкты аталды. Ал дагы ошол эле мелдеште бир алтын жана бир күмүш медаль тагынган.

Өспүрүмдөр арасында мыкты спортчу наамын Ыйман Ысаев алды, ал буга чейин Азиянын эки жолку чемпиону болгон. Ал эми кыздар арасында Дарья Кудрявцева мыкты аталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM