Биз менен байланышыңыз

Калилов: министр болуп иштөөгө моралдык укугум жок

Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 755 | 0

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өзүнүн отставкасы тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жарыялады.

«Министрликте мындай кылмыштын болуусуна алдын ала чараларды көрбөгөндүгүмдөн , бир адамдын кылган мыйзамсыз иши жалпы Транспорт министрлигиндеги ак, өз эмгеги менен чын дилинен иштеп келген адамдардын бардыгына көө сыйпалып калгандыгына байланыштуу өзүмдүн коллективимден кечирим сурайм. Себеби, биз акыркы жылдары министрликте коррупциялык схеманы азайтуу, ошол жердеги адамдык факторлорду жоюу боюнча реформаны ишке ашырып келгенбиз. Ал улана бермекчи, коллектив бар, жумуш алдыга жылат деген чоң үмүттөмүн»,-деди Калилов.

Ошондой эле ал бул чуулгандуу окуянын артынан өзүнүн жана өкмөт башчынын дарегине ар түрдүү терс пикирлердин келип жатканынын алдын алуу максатында бүгүн өзү кетүүнү чечип, арыз бергенин билдирди. Мындай окуядан кийин кызматта калууга моралдык укугу жок экенин да баса белгиледи.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, коррупция боюнча иликтөө амалдары министрдин өзунүн көрсөтмөлөрү боюнча журүп жаткан. Бирок бул иштин артынан орун басарынын чыгарын күтпөгөнүн кошумчалады.

Ал эми мындан ары эмне кылары тууралуу төмөнкүчө жооп берди:

«Мен чындыгында 1984-жылдан бери министрликте ар кандай тармактарда эмгектенип келдим. Мен ойлойм, кызматсыз же жумушсуз калбайм деп, анткени, жол тармагында, консультативдик, экспертизалык тармакта менде профессионалдык деңгээлдеги белгилүү иш билгилик мүмкүнчүлүктөрүм бар. Ошондуктан кыргыз элине кызмат кыла бермекчимин».

 

Copyright © 2017 Maral FM