Биз менен байланышыңыз

«Атамекендик өндүрүшчүнүн 100 күнү» белгиленет

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 565 | 0

Кыргызстанда «Атамекендик өндүрүшчүнүн 100 күнү» белгиленет. Ал үчүн уюштуруу иштери боюнча ченемдик-укуктук актылар даярдалмакчы. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Мааалыматка ылайык, вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн ички дүң өнүмүн көлөмүн көбөйтүү демилгеси боюнча кеңешме өттү.

Жыйында Замирбек Аскаров экономиканын реалдуу тармагын өнүктүрүү үчүн атамекендик өндүрүшкө көңүл бура турганын белгиледи.

«Биринчи кезекте, жарандарды атамекендик продукцияны сатып алууга даярдоо жана өндүрүштү өбөлгөлөөчү чаралардын пакетин, анын ичинде тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл»,-деди ал.

Андан соң кеңешменин катышуучулары тарабынан атамекендик өндүрүштү колдоо боюнча сунуштар талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM