Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда быйыл инвестициянын көлөмү өстү

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 599 | 0

Быйыл Кыргызстанда инвестициянын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлаган.

«2018-жылдын 11 айында инвестиция 124 миллиард 200 миллион сомду түзүп, өткөн жылга караганда 6,3 пайызга өскөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда жыл башынан берки 11 айда курулуш комплексине акча салуу көбөйүп, былтыркыга салыштырмалуу жалпы курулуштун көлөмү 8,4 пайызга жогорулаган.

Мындан тышкары, инвестиция көлөмүнүн жогорулаганы курулуштан тышкаркы башка тармакта да байкалат. Анын ичинде элекр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо, маалымат жана байланыш, билим берүү тармактары бар.

Экономика министрлиги жыл башынан берки 11 ай ичинде жалпы инвестициянын 78 пайызы кен казуу объектилерин, турак жай салууга жумшалганын белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM