Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 722 | 0

Бүгүн, 14-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.

Жыйында «өлкөдөгү санарипти өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралат.

Эске салсак, санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча эксперттик топ буга чейин ноябрдын аягында жыйын өткөрүп, ага Коопсуздук кеңеши жана президенттик аппарат жетекчилиги катышкан.

Анда санариптик технологияларды өнүктүрүү, мамлекеттин бардык тармактарына колдонуу өлкөнүн атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмүн арттырып, коопсуздук жана бакубатчылыкты шарттаарын баса белгилешкен.

Copyright © 2017 Maral FM