Биз менен байланышыңыз

Депутаттар экс-президенттердин кол тийбестигин алууга киришти

Саясат | 13 Дек 2018 | 1051 | 0

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечилердин айтымында, документте экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралат.

Парламент “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.  Документте экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Курманкул Зулушевдин маалыматында, мыйзамда 2-берене алып салынды. Жаңы Конституцияда президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок. Ошондон улам, мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

— Парламент экс-президенттерге кандайдыр бир статусту берүүгө тийиш эмес. Тилекке каршы, каралып жаткан мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө аргасызбыз. Мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, ал башка маселе. Биз Конституциялык палатанын чечимдерин аткарышууга милдеттүүбүз. Бирок мыйзам чыгаруу органдын өкүлү катары айтсам, Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткен. Экс-депутаттарга кандай статус берет, кандай ченемдерди кабыл алат, аны парламент өзү чечет. Конституциялык палата ал чечимдердин Конституцияга каршы келер-келбесин гана аныкташы керек.

Мындан сырткары, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү менен ден соолугун мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу, акысыз медициналык тейлөө нормаларын алып салуу тууралуу сунуштар бар. Экс-президентке карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кирсе, ушул беренедеги бардык кепилдиктер токтотулат. «Мыйзамдын 18-беренеси күчүн жоготту» деп таануу сунушталып, ар-намысын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Буга чейин Конституциялык палата эгерде экс-президент кандайдыр бир кылмыш кылган болсо, анын кол тийбестигин алып сала турган механизмди парламент карап чыгуусу керектигин сунуштаган. Башкача айтканда, «экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу процедурасы импичменттин процедурасынан жеңил болбош керек» деген бүтүм чыгарган.

Мындан улам парламент аталган палатанын өкүлүнүн оюн угушту.

«Мыйзамдын текстине көз жүгүртсөк, экс-президент абсолюттук кол тийбестикке ээ экен. Ал эми ойлонуп көрсөк, мындай ченем Конституциянын талаптарына каршы келет экен. Ошондон улам, ушундай чечим кабыл алынган»,-деди Конституциялык палатанын өкүлү.

Экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча маселе быйыл жаздан бери көтөрүлүп келет. Талкуу жүрүшүндө мыйзам кабыл алынып калса, баардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Депутат Алтынбек Сулаймановдун пикиринде, Кыргызстандын бир дагы жараны мыйзамга жамынып алып кылмыш иштерин жасай бербей, мыйзам алдында башка жарандардай эле жооп бериши керек.

-Ошондо эки экс-президент жана келечектеги экс-президенттердин кол тийбестиги жок болот экен да.

Ал эми депутат Жанар Акаев бул мыйзамды кабыл алуу менен бирге, бийликтеги “мураскерликти” жокко чыгара турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгын эскертти.

 -Мураскер деген түшүнүк жаралып «мен коюп кеткен адамым жасаган иштеримди жаап-жашырат» деп жасай беришкен. Демократия түптөлгөн өлкөдө мураскер деген түшүнүк болбошу керек. Президенттердин «мураскер койсом, жоопко тартылбайм» дегени болбошу керек.

Эл өкүлү  Ирина Карамушкина экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу маселесине өтө кылдат мамиле жасоо керектигин белгиледи.

-Бул мыйзам долбоору экс-президенттерди саясий куугунтуктоого жол ачышы мүмкүн. Ошондон улам алар кызматтагы кезинде коррупцияга каршы күрөштү солгундатып жибериши ажеп эмес. Мыйзам бир эле адамды куугунтуктоого багытталганы көрүнүп турат.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов сунушталган мыйзам долбоорун колдойт. Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө экс-башчыларды кол тийбестиги сакталбайт.

-Мен башынан эле экс-президент, экс-спикердин кол тийбестиги сакталуусуна каршы болуп келемин. Европа, Азия жана башка өлкөлөрдө андай нерсе жок. Бизде абсолюттук кол тийбестиги иштеп келет. Негизи, функционалдык түрдө гана болот.

Эске салсак, өлкөдө экс-президент деген статуска Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев гана ээ.

Copyright © 2017 Maral FM